Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Нарында журналисттик иликтөөлөргө кызыккандар дээрлик жок

Нарында журналисттик иликтөөлөргө кызыккандар дээрлик жок

Нарын областында журналисттик иликтөө жасаган калемсапчылар дээрлик кездешпейт. Азаттык үналгысынын өз кабарчысы Мирлан Кадыров бир курдай далалат кылганы менен андан ары иликтөө жасагандан көңүлү калган.

Ал “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолору” берүүсү үчүн атайын белсенип курулушу башталып келип эле токтоп калган Жогорку Нарын суу электр бекеттеринин (ЖНСЭБ) курулушу тууралуу иликтөөнү баштаган.

Дээрлик бир ай убактыны талап кылган иликтөөдөн кийин “Сыздаган СИМИ ДОО” аталыштагы макаласын жарыялайт. Анда бир гана бетон заводунун курулушу иликтенген. Аталган компания ЖНСЭБ үчүн керектүү жабдыктарды Сербиядан курулуш курулчу жерге, Нарындын Дөбөлү жана Орток айыл аймактарына алып келишкен. Бирок СЭБ курулушу токтоп, акыры алар алып келген баалуулуктарын кайтарып алууга белсенишет. Ошондо алар көп тоскоолдуктарга тушугушат. Акыры соттук жараян жүрөт.

“Мына ушуларды иликтөөдө, материал топтоодо өтө көп кыйынчылыктарга тушуктум. Айрыкча мамлекеттик бийликтен маалымат алуу көкөйгө тийди”, – дейт М.Кадыров.

Ал 28 мүнөттүк журналисттик иликтөө тасмасын жаратуудан кийин жаңы иликтөө жасаганга көп батынбай калды.

“Турмуш” сайтынын кабарчысы Кенжебай Кыдыров журналисттик иликтөөдөн оолак эле болгондугун жашырбайт.

Бизде, биринчиден, журналисттик иликтөө деген жок. Анткени ал оор жумуш. Экинчиден, иликтеймин деп өзүң илинип калышың мүмкүн. Себеби, Нарында баары тааныш болгондуктан чыныгы маалыматтарды алуу кыйын жана айрым адамдар атайылап жалган маалымат берип, кийин танып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мен иликтөө жасабаймын, – дейт К.Кадыров.

Ал эми өз ысымын жашыруун сактагысы келген жергиликтүү тажрыйбалуу кабарчынын пикиринде, аймактарда эч качан журналисттик иликтөөлөргө оңой менен жол берилбейт.

“Бизде баарысы жетекчиликке байланыштуу. Маселен, жумалап маалымат топтоп, кашаң атча баспай калгычакты иштеп, аны редакторго алып келсең, окуп туруп: Муну жөн эле коёлучу, деп чыгарттырбайт. Анткени ал материалда шефтин жакын санаалашы тууралуу кеп болуп жаткан болот. Ошондуктан өз алдыңча иштөө деген бизде жок, – дейт ал.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча өкүлү

Окшош посттор