Журналисты
Жаңылыктар

Нарында сентябрдын башында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтөт

8-9-сентябрларда Нарын шаарында II “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтөт. Анын жүрүшүндө аймактык медиалардын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу сөз болмокчу. Бул иш-чарага республикабыздын булуң бурчунан 70ге жакын кыргыз тилдүү журналисттер менен медиа адистердин катышуусу күтүлүүдө.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” КБга таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-ж. Ош шаарында өткөрүлүп, ал өлкөбүздүн ийгиликүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган.

II Медиафорумдун өткөрүлүшүнө IFEX, USAID, IFES, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси жана Kyrgyz Concept сыяктуу эл аралык уюмдар жана кыргызстандык жеке компаниялар көмөк көрсөтүшүүдө. 

Медиафорум “Журналисттер” КБнын фейсбуктагы баракчасында түз эфирде чагылдырылат.

Окшош посттор

“NewTV”нын чыгармачыл тобуна кол салуу болуп, камера талкаланган. Журналисттер милицияга арыз менен кайрылышты

Administrator
04.12.2019

“Азаттык”:”Ош шамы” гезитинин кабарчыларына коркутуулар болуп жатат

Administrator
16.04.2013

Кантип ЖМКдагы жана Интернеттеги айткандар үчүн жапа чекпесе болот

Administrator
08.02.2016