Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

#МедиаКербен Жалал-Абадда. Аймактык журналисттер медиа мейнстримден тышкары

#МедиаКербен Жалал-Абадда. Аймактык журналисттер медиа мейнстримден тышкары

Кыргызстандагы укук коргоо тармагы Жалал-Абадда 90-жылдары пайда болгон, калыптанган жана өнүккөн. Бул өлкөдө биринчилерден болуп адам укугун бузуу, кыйноолор жана мыйзамсыз кармоолор сыяктуу курч жана көйгөйлүү темаларда жазган иликтөөчү-журналисттердин жана журналисттердин пайда болушуна өз таасирин тийгизген. Бүгүнкү күнү жергиликтүү журналисттер жана медиа мейнстримден тышкары калышкан, медиа чөйрөдөгү иштердин жүрүшүнө азыраак тартылган.

Эки жолу түзүлгөн облус

Жалал-Абад облусу түштүктө жана түштүк-батышта Өзбекстан, түндүк тарапта Талас облусу, чыгышта Нарын облусу, ал эми түштүк-чыгышта Ош облусу менен чектешет.

Облустун жалпы аянты 33,7 миң чарчы чакырымды, же Кыргыз Республикасынын 17 пайызга жакын бөлүгүн түзөт. Облус борбору – Жалал-Абад ш.

Облустун курамына 8 район кирет: Аксы (Кербен ш.); Ала-Бука (Ала-Бука а.); Базар-Коргон (Базар-Коргон а.); Ноокен (Массы а.); Сузак (Сузак а.); Тогуз-Торо (Казарман а.); Токтогул (Токтогул а.); Чаткал (Каныш-Кыя а.), ошондой эле, 8 шаар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кербен, Кочкор-Ата, Токтогул, шаар тибиндеги 4 конуш жана 68 айылдык аймак бар.

Жалал-Абад облусу 1939-жылы түзүлгөн. 1959-жылы аймактарды ирилештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында облус жоюлган. Ал эми 1990-жылы 14-декабрда Жалал-Абал облусу кайра калыбына келтирилген.

Облустун калкы 1 млн 36 миң киши. Жалал-Абад калктын саны боюнча Ош облусунан кийинки экинчи орунда турат. Калктын тыгыздыгы Ош облусу сыяктуу эле абдан жогору.

 

Жалал-Абаддык медиа ландшафт

«Журналисттер» КБнын маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунда 3 телекомпания, 8 гезит жана 1 онлайн басылма иштейт. Облуста радиостанциялар жок. Ош жана Баткен облустарынан айырмаланып, Жалал-Абад облусунда жергиликтүү онлайн басылмалар бар: http://ru.vzglyadriv.kg (“Клото” ЖчК), https://versia.kg/ (уюштуруучу жана башкы редактору Жалил Сапаров) жана http://kogart.kg (уюштуруучу жана башкы редактору Анархан Жаныбаева).

Аймактын өзгөчөлүктөрүнүн бири, жеке телекомпаниялардын бардыгы. Мисалы, Юстиция министрлигинде «АРТВ» ЖчК катары катталган «Регион ТВ» жана «7-канал» телерадиокомпаниясынын редакциясы» ЖЧКсы катары катталган7-телеканал бар. Ал эми 2017-жылы ноябрда Жалал-Абадда «Чолпон ТВ» жеке менчик телекомпаниясы ачылган.

Ош облусундагыдай эле Жалал-Абад облусунда кыргыз жана өзбек тилдеринде облустук мамлекеттик гезиттер «Акыйкат» жана «Янги тонги» чыгат, алардын эмгек жамааты 10 кишиден турат. Таратуу үчүн почточуларга дээрлик бир миллион сомго жеткен карызы, облустук басылмалардын эң көйгөйлүү маселелеринин бири.

Башка аймактар сыяктуу эле, мында дагы облустук жана райондук мамлекеттик басылмалар регионалдык медиа борборлорго айланган. Аймактык медиаларды оптималдаштыруу үчүн облустук гезиттердин жазылуу баасы 7-8 сом чегинде болгон, азыр тилкелерди көбөйтүү менен басмаканага чыгымдар дагы өстү жана жазылуу баасы 14 сомго чейин көбөйгөн. Бирок почточулар жазылуу баасын көтөрүүдөн баш тартууда.

Аймакта бардык журналисттер жана медианын башын кошууга жөндөмдүү медиа уюмдар дээрлик жок. 2001-жылы ЖМКлардын Ош ресурстук борбору юридикалык макамын Аймактык ЖМКлардын борбору кылып өзгөрткөн. Андан соң Жалал-Абадда жана Баткенде IREX уюмунун колдоосунда жергиликтүү ЖМКлардын ресурстук борбордун филиалдары ачылган. Бирок, тилекке каршы, 2007-жылдан кийин эки ресурстук борбор жабылган. Жалал-Абадда аймактык журналисттер менен медианын бириктирген мындан башка аянтча жок. Бул жергиликтүү журналисттердин сапаттуу билим берүүчү курстарга, маалыматтык ресурстарга жана программаларга жетүүсүн чектөө менен жалпысынан аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.

Жалал-Абад облусу билим берүүчү тренинг жана семинарлар пландалган тизмеден чыгып калган учурлар аз эмес. Облустук борбордо тренингдерди жана башка медиа иш-чараларын толук көлөмдө өткөрүүгө ылайыктуу имарат жайлар дагы жок.

 

ЖМК үстүнөн арыздарды кароо боюнча комиссиянын ишин кайра кароо

Иш тажрыйбасы мол редактор Жалил Сапаров ЖМК үстүнөн арыздарды кароо боюнча комиссиянын иштөө механизмин кайра кароону сунуштады. Эске салсак, бул Комиссия – журналисттердин өзүн өзү жөнгө салуучу органы жана анын башкы функциясы – медиага чыккан макала же телерадиопрограммалардын журналистиканын этикалык ченемдерине ылайыктуулугу боюнча окурмандардын (көрөрман, угармандар) арыздарын кароо. Комиссия билдирме формасында берилген кат жүзүндөгү арыздарды гана карайт.

Комиссиянын талабы боюнча, кайрылуучунун стандарттуу маалыматтарынан тышкары арызга датасы көрсөтүлгөн, медианын аталышы, журналисттик материалдын бардык түпкү булактары, арыз берүүчүнүн түшүндүрмөсү, басылманын нускасы же талаш жараткан материал камтылган программа жазылган кассета (бардык маалымат алып жүрүүчү) камтылат.

Жалил Сапаровдун пикиринде, медиадагы этикалык ченемдерди бузууларга карата арыз кабыл алуунун мындай ыкмасы азыркы учурдун талаптарына ылайык келбейт, Комиссиянын арыздарды кароосун тездетүү зарыл.

«Эгерде этикалык ченемдерди бузуу фактылары бар болсо, анда арыз жазууну күтүү туура эмес. Комиссия мындай арыздарды карап гана тим болбой, тиешелүү корутунду чыгарып жана кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды бериши керек», – деп эсептейт Ж. Сапаров.

Арыз берүүчүгө коюлган талаптарды кайра карап чыгуу керек. Мисалы, кассета же башка маалымат сактоочулар боюнча. Биринчиден, телерадиокомпаниялар эчак эле кассета колдонбой калган. Экинчиден, эгерде материал YouTube же башка платформага жүктөлбөгөн болсо, анда арыз берүүчү дайыма эле журналисттик материалга жете албайт. Мындай шарттарда шилтеме берүү жетиштүү болот.

Комиссиянын Жобосунун айрым пункттарын дагы, анын ичинде, ишмердүүлүгү жана арыздарды кароого тийиштүү бөлүктөрүн кайра карап чыгуу зарыл. Мисалы, телефон жана почта боюнча сурамжылоолорго мессенжерлер менен социалдык медианы кошуу керек.

 

Жалал-Абаддык медиалар журналисттик мейнстримден тышкары

Жалил Сапаров аймактагы журналисттик иликтөөлөрдү, ошондой эле, жергиликтүү журналисттерде аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

“Жалал-Абаддык журналисттер жана медиа бул багытта эң пассивдүү болуп чыкты. Биздин үнүбүз дээрлик угулбайт. Биздин кесиптеш жана жердеш Улугбек Бабакулов Кыргызстандагы журналисттик иликтөөлөрдү биринчилерден болуп баштаган болчу. Биз анын Казакстандагы тамеки плантацияларындагы кулчулук жөнүндөгү резонанс жараткан иликтөөлөрүн унута элекпиз, андан кийин бийлик эмгек мигранттарынын укуктарын бузууга көңүл бура баштаганын эстейбиз”, – дейт Жалил Сапаров.

Мындан тышкары катышуучулар экономикалык журналистиканы өнүктүрүү жөнүндө маселени көтөрүштү, себеби алардын айтымында, бүгүнкү күнү медиада социалдык жана саясий темалар басымдуулук кылат, экономикалык темалар абдан жарды билдирүүлөр жана релиздер менен чектелген. Сапаровдун сөзү боюнча, бүгүн болочок журналисттер окуган профилдик факультеттерде экономикалык журналистиканын негиздерине жана принциптерине үйрөтпөйт. Сапаров ал боюнча жок дегенде курс ачууну сунуштады.

Kogart онлайн басылмасынын башкы редактору Анархан Жаныбаева кесиптештердин көңүлүн журналисттик иликтөөлөр боюнча учурдагы гранттык программаларга бурду. Анын айтымында, бул гранттардын суммасы чакан, бирок алар журналисттерди жана медианы журналисттик иликтөөлөрдүн жүргүзүүгө түрткү берет. Жаныбаева анын кайрылуусу бир нече жолу кабыл алынбаганын, ошондуктан алар журналисттик иликтөөлөр боюнча конкурсттарга катышпай калышканын мойнуна алды.

Жаныбаева журналисттик иликтөөлөр боюнча топторго басма, электрондук жана онлайн медианын журналисттерин камтууну сунуштады. Анын айтымында, мындай болгондо кененирээк аудиторияга жетүүгө, материалды тезирээк таратууга жана журналисттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча коомдук талкууларга көбүрөөк адамдарды тартууга мүмкүнчүлүк болот.

 

Маалыматка жетүүдөгү көйгөйлөр бар

Мамлекеттик уюмдардан коомдук маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүк көйгөйү дагы деле актуалдуу бойдон кала берүүдө. Жалал-Абаддын журналисттери сот органдарына кайрылган учурда туш болгон көйгөйлөрдү көрсөтүп беришти. Алардын сөзү боюнча, аймактык сот өкүлчүлүгү Бишкектеги жетекчиликтин жактыруусун күтүп жаткан кезде үч-төрт сүйлөмдү макулдашууга бир топ убакыт кетип калат.

Коомдук маанилүү маалыматты издеп таап, алуу убагында журналисттердин укуктары бузулган учурларга катышуучулар өзгөчө көңүл бурушту.

Жалил Сапаров маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоодогу жергиликтүү бийлик менен өз алдынча башкаруу органдарынын маанисин белгиледи. Анын айтымында, мындай жеткиликтүүлүктү камсыздай турган ченемдерди мыйзамга киргизүү үчүн тиешелүү демилгелер зарыл. Сапаров АКШ өлкөсүндөгү федералдык жана штаттык мыйзамдар жөнгө салуучу органдардын жыйындарын өткөрүүдө жана тиешелүү маалыматты жарыялоодо ачыктыктын камсыздашын талап кылган “Күн жарыгы мыйзамын” мисал катары келтирди.

Алмаз Исманов,
атайын «Журналисттер» КБ үчүн

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор