Журналисты
Жаңылыктар

“Медиа Өнүктүрүү Борбору” КФ баткен журналисттерине мобилдик пресс борборду тапшырды

“Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондусу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин Баткен областы боюнча өкүлү Нургазы Жайнаковго мобилдик пресс-борбордун сертификатын тапшырды. Тапшыруу аземи 28-ноябрда өткөн Media landscape KG 2920 форуму учурунда болду.

Аталган коомдук фонддун жетекчиси Нургүл Абдыкеримованын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында араздашуулар, чыр чатактар көп болот, аларды чагылдырып жаткан журналисттер өз ишмердүүлүгүндө көп кыйынчылыктарды баштарынан кечиришет.

Журналисттер ачык талаада көпкө туруп калып, текстти жазганга, даяр материалды редакцияга жибергенге, бир аз отуруп эс алып алганга мүмкүнчүлүктөрү болбой кыйналган учурлары көп болот. Мобилдик пресс-борбор ушул нерселерге шарт түзүп берет”, – дейт Н.Абдыкеримова.

Мобилдик пресс борбордун курамына 20 чарчы метрлик аянтка эсептелген палатка, керектүү эмеректер менен техникалык жабдыктар кирет. Аталган пресс-борбор Deutsche Welle Akademie каржылоосундагы “Кыргызстан менен Тажикстан журналисттеринин ортосундагы байланышты бекемдөө” долбоорунун алкагында тапшырылды. Мобилдик пресс-борбор жакында жеткирилип берилмекчи.

Окшош посттор

НБТ каналында практика өтүүнү каалагандар чакырылат

admin
01.06.2012

Стипендиальная программа Йельского университета приглашает журналистов к участию

admin
19.10.2012

Журналисттер этиканы сактабай жатабы?

admin
06.11.2015