Журналисты
Жаңылыктар

Марал радиосу аймактык кабарчыларды тажрыйба алмашууга чакырат

Марал радиосу «Сорос – Кыргызстан» фондунун «Маалымат каражаттарын өнүктүрүү» программасы менен биргеликте аймактагы кабарчыларды тажрыйба алмашууга чакырат.

Тажрыйба алмашуу 15-июлдан 1-сентябрга чейин уланат. Программанын алкагында Марал радиосу сүрөткө тартуу, материалдарды визуалдаштыруу, сайт менен иштөө, тасмага тартуу, социалдык тармактар менен иштөө жана тасманы редакциялоо сыяктуу жаңы технологиялык тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Тажрыйба алмашууга катышууну каалаган кабарчылар өздөрү иштеген редакция менен программага катышуу учурунда жумуш ордунун жана айлык акысынын сакталышын алдын-ала сүйлөшүп алуулары абзел.

Программага катышуучулар атайын сынак аркылуу тандалып алынат.

Сынакка катышуу үчүн резюмеңизди жана программага катышуу максатыңыз тууралуу баяндалган катыңызды бир макалаңыз менен radiomaral@gmail.com дарегине, «Стажер конкурсу» белгиси менен 2017-жылдын 8-июлуна чейин жибериңиз. Суроолор боюнча 0703 82 59 00 номерине байланышыңыз.

Марал радиосу программанын катышуучулардын Бишкекке келүү жол киреси, жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылат.

http://maralfm.kg/archives/233352

Окшош посттор

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысына кол көтөргөн адамды милиция издей баштады

Administrator
03.02.2021

«Журналисттер» коомдук бирикмеси Баткенде

Administrator
17.01.2020

Посольство Кыргызстана в Таджикистане предпринимает все необходимые меры по возвращению кыргызстанских журналистов на родину

Administrator
26.07.2012