Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер» коомдук бирикмеси өзүнүн сайтынын жаңыланган версиясын чыгарды

«Журналисттер» коомдук бирикмеси өзүнүн сайтынын жаңыланган версиясын чыгарды. Аталган уюмга тиешелүү болгон monitoring.kg жана journalist.kg сайттары эми www.journalist.kg сайтына бириктирилди. Ал эски маалыматтарды www.old.journalist.kg жана monitoring.kg шилтемелеринен таба аласыз.

Жаңы сайттан медиа чөйрөсүнө тиешелүү жаңылыктар менен таанышып, жарыяланган конкурстар, гранттар, окуулар боюнча ыкчам маалыматтарды алып турууга болот. Андан сырткары республикадагы министрликтер менен ведомстволордун сайты, пресс-кызматтары, пресс-катчылары, даректери туурасында жаңыланган малыматтар, иштеп жаткан жана үйрөнчүк журналисттер үчүн зарыл болгон адабияттар, нускамалар жайгаштырылды. Белгилей кетүүчү дагы бир нерсе – ар бир журналистке www.journalist.kg сайтында өзүнүн блогун ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Урматтуу кесиптештер, эгерде сайт боюнча кандайдыр бир каалоо, сунуштар, пикириңиздер болсо journalist.kg@gmail.com электрондук дарегине жазсаңыз болот.

Окшош посттор

Конкурс стипендий в области социальных медиа для журналистов

Administrator
20.11.2012

Сайтта жаңы рубрика ачылды

Administrator
19.02.2013

Журналист жана акын, жазуучу Жыпар Акунова 63 жашында каза болду

Administrator
10.01.2023