Журналисты
Жаңылыктар

Журналисттер үчүн пайдалуу мастер-класс

Урматтуу кесиптештер, “Жаш журналисттер” кыймылы журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында уюштуруп келген мастер-класстарын улантат.

Бул жолу “Азаттыктын” белгилүү иликтөө журналисти, көптөгөн чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн автору, “Акыл-Тирек” сыйлыгынын ээси Кубаныч Жолдошов иликтөө жанрынын өзгөчөлүктөрүн айтып, тажрыйба бөлүшөт.

Мастер-класс 7-февралда саат 14:00дө “Кабар” улуттук агенттигинин пресс-залында өтөт.

Дареги: Абдрахманов көчөсү 175 (мурдагы Советский) Чүй проспекти менен кесилишет.

Каалоочулар үчүн эшик ачык. Сурап билүү телефондору: 0550 539 555 Улан Эгизбаев, 0772 666 841 Жакшылык Бердибек уулу.

Каттоодон өтүү үчүн 0552 172 345 номуруна Рахат Саламатовага кайрылыңыздар.
Белгилей кетсек, бул мастер-класска Устат-Шакирт долбоорунун 2-сессиясынын шакирттери сөзсүз катышуулары керек.

Окшош посттор

Шайлоо-2017: Аккредитациядан өткөн ЖМКлар жана интернет-басылмалар

Administrator
11.07.2017

Конкурс для молодых журналистов «Великий шелковый путь»

Administrator
26.07.2013

Журналисттин кесиптик ишмердигине тоскоолдук жасалды

Administrator
23.09.2021