Журналисты
Жаңылыктар

Журналисттер арасында конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

“Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы Айша Алиева

2013-жылдын 20-февралында, “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына” арналган иш чаралардын алкагында республиканын жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) арасындагы өлкөбүздүн Кыргызстан элинин туруктуулугун жана толеранттуулугун, достугун, ынтымагын жана биримдигин чыңдоого салым кошуп жаткан жарандары жөнүндөгү макалалардын мыкты топтомуна конкурстун жыйынтыктары чыгарылды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык  саясат бөлүмүннөн билдиришти.

“ЖМКда кыргыз тилинде жарыяланган макалалардын циклы үчүн” сыйлыгы “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы Айша Алиевага ыйгарылды.

 “ЖМКда орус тилинде жарыяланган макалалардын циклы үчүн” сыйлыгы “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Кифаят Аскеровага ыйгарылды.

“Телеберүүдө мыкты репортаждардын жана программалардын циклы” үчүн сыйлыгы “Сары-Өзөн” телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Муратбек Жолукеевге ыйгарылды.

 “Улуттар аралык ынтымакты жана толеранттуулукту чыңдоого салым кошууга умтулгандыгы үчүн” кызыктыруучу сыйлыктар менен төмөндөгүлөр сыйланды:

 Владимир Нарозя, украин тилиндеги “Достук” радио программасынын автору жана алып баруучусу;

– Баткен облусунун “Баткен таңы” облустук гезити (башкы редактору Адылбек Акматов);

– Фатима Машинхаева, дунгандардын коомдук бирикмесинин “Хуэймин бо” коомдук-саясый гезитинин башкы редактору;

– Нарынкүл Назаралиева, “Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы.

Окшош посттор

“Полит Клиника” газетасы журналист издейт

admin
28.05.2013

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак

admin
10.02.2015

Журналисттер сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана укук темасын чагылдыруу боюнча билим алышууда

admin
17.06.2015