Журналисты
Жаңылыктар

Журналист Геннадий Павлюктун таарылган эстелиги табылды

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан журналист Геннадий Павлюктун уурдалган таарылган эстелиги  табылды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматын  аталган эстеликтин уурдалышына катыштыгы бар адамдардын ким экендигин аныкталгандыгын билдирди.

26-июнь күнү кечинде Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ала-Тоо жаны конушундагы үйлөрдүн биринин короосунда колодон жасалган эстеликтин кесилген бөлүгү табылган.

Үйдүн ээси ким экендиги аныкталып, милиция кызматкерлерине 10 күн мурда капка салынган металлды иниси алып келип, кийинчирээк  алып кетем деп таштагандыгын айтып берген.  Үй ээси мүшөктө таарылган эстелик  экендигин билбегендигин айткан.

Эске сала кетсек, 21-майда таңга маал Бишкек шаарында белгисиз бирөөлөр журналисттке  коюлган эстеликти түп-орду менен уурдап кеткен.

Окшош посттор

Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

Administrator
29.09.2014

КР Жогорку Соту “Ачык саясат плюс” гезитине карата доо арызды жактоочусу жок кароосу келген

Administrator
11.12.2019

«Тоолор “жашыл экономикага” чакырат» аттуу жалпы тематикадагы публицистикалык макалаларга сынак

Administrator
04.08.2014