Журналисты
Жаңылыктар

Журналист Геннадий Павлюктун Бишкектеги колодон жасалган эстелигин уурдап кетишти

Журналист Геннадий Павлюктун Бишкектеги колодон жасалган эстелигин уурдап кетишти.

21-майдын таңында маркум журналист Геннадий Павлюктун Бишкек шаарындагы эстелигин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.  Эстеликтин жерпайынан 50 метрдей узагыраак  жерден сыныктарын табышкан. ИИМден азыр бул боюнча  Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы издөө  жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

“Г.Павлюктун эстелигин сатуу максатында эле уурдап кетишти окшойт”, – деген оюн билдирген “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева. Депутат айым бул окуя сөз эркиндигин даңазалаган Кыргызстандын атына шек келтирчү факт болуп калды деп эсептейт.

Колодон жасалган эстелик 2010-жылдын 8-октябрында орнотулган болчу. Геннадий Павлюкту 2009-жылы Казакстандын Алма-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдөн буту-колун таңып туруп, ыргытып жиберишкен. Бир нече күн эс-учу жок жаткан журналист ооруканада көз жумган.

Анын эстелигин “Ата Мекен” партиясы 2010-жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканын жанына орноткон. Салмагы 250 кг, узундугу 170 см болгон бул айкелдин наркы 20 миң доллар болгон.

Окшош посттор

Таласта «Азаттыктын» кабарчысына кол салуу болду

admin
05.10.2020

Журналисттерди коркуткан УКМК кызматкери дисциплинардык сөгүш алды

admin
03.02.2020

Путин Орус ЖМКга чет элдиктердин кирүүсүнө чек койду

admin
16.10.2014