Журналисты
Жаңылыктар

«Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына карата фотосүрөт сынагы

«Баракелде» маалымат сайты «Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк» жылына карата фотосүрөт сынагын жарыялайт.

Сынактын максаты:

Сүрөттөрдүн тематикасы сынактын темасына жараша болуу керек.

Сынактын шарттары:

Ар бир катышуучудан barakeldeorg@gmail.com электрондук дарегине 3-5 сүрөт кабыл алынат. Ошондой эле катышуучу өзү жөнүндө кыскача маалымат жиберүүсү керек. 1,2 жана 3-орунга чыккан жеңүүчүлөр сайттын окурмандары тарабынан добуш берүү жолу менен аныкталат.

Сүрөттөрдү кабыл алуу 3-июлдан баштап, мөөнөтү чектөөсүз жүргүзүлөт.

2012-жылдын 31-августунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталат.

Сүрөттөрдүн фоорматына карата талаптар:
Сынакка катышуучу сүрөттөр jpg, bmp, png форматында, көлөмү 2000 пикселден ашпоосу зарыл.
Коштоочу маалыматта сүрөттүн аталышын, автордун аты-жөнүн, жашаган дарегин жана телефон номерин көрсөтүү керек.

Сыйлыктар:
Биринчи орун — ноутбук
Экинчи орун — фотоаппарат
Үчүнчү орун – смартфон

Сынактын демөөрчүсү — Жаш ишкерлер ассоциациясы 
Жаш ишкерлер ассоциациясы 2006-жылы, ишкерлердин көйгөйлөрүн биргеликте чечүү, ишмердүүлүктө көмөктөшүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракеттенген ишкерлерди колдоо максатында негизделген. Ишкерлери соода, курулуш, тейлөө, өндүрүш секторунда бир топ иш алып барышат. Жаш ишкерлер ассоциациясы түптөлгөндөн бери инвестиция тартуу, эл аралык кызматташуу, кайрымдуулук жана билим берүү багытында бир топ ишти алгылыктуу алып барып жатат. Учурда уюмда өлкөнүн бардык аймактарынан 300гө жакын ишкер катталган. Тармактык комитеттер менен ишкерлерге кызмат берип келишүүдө. Маалыматтык кызмат, укуктук колдоо, семинар уюштуруу, инвестиция тартуу жана өнөктөш табуу – кызматтардын негизги багыттары. Бул багытта чет өлкө саякаттары маал-маалы менен уюштурулууда.

Миссиясы: Кыргызстанда демократия, патриоттулук жана толеранттуулук баалулуктарын ишкердикти өнүктүрүү жолу менен алдыга жылдыруу.

Урааны: Иийгиликтүү ишкер – күчтүү экономика! Күчтүү экономика – күчтүү өлкө!

Окшош посттор

Жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл, бирок, сөз эркиндигин чектебеш керек

admin
20.11.2012

В Оше открылась вторая Аллея журналистов

admin
08.01.2013

Курс для радио- и тележурналистов, посвящённый проблеме ВИЧ/СПИДа

admin
20.09.2013