Журналисты
Жаңылыктар

“ВБ”:Жогорку сот Карамушкинанын “24.kg”ге болгон дооматын кароону токтотту

Жогорку сот КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын “24.kg” маалымат агенттигине болгон дооматын анын айдоочусуна карата кылмыш иши боюнча Чүй райондук соту чечим чыгарганга чейин кароону токтотту. Бул тууралуу маалымат агенттиктин адвокаты Ксения Бойко бүгүн, 11-февралда, “ВБ”га билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык соту депутаттык “абийир жана ар-намыска шек келтиргени үчүн” 5 млн сом өлчөмүндө материалдык чыгым төлөп берүү тууралуу доо арызын кароону токтотууну чечкен. Андан мурдараак Свердлов райондук соту адам өлүмү катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш ишинин чечими чыкмайын депутаттын доо арызын кароону кийинкиге калтырууну чечкен.

Бойко депутаттын доо арызы боюнча сот иши бир жылдан бери уланып келе атканын белгиледи. “Материалдык чыгымды төлөп берүү боюнча доо арыз иш жүзүндө карала элек. Себеби, Жогорку сот жол кырсыгы тууралуу кылмыш иши боюнча өкүм чыкмайынча доо арызды кароону токтотууну чечти. Биз депутаттын айдоочусуна карата сот өкүмүнүн чыгышын күтөбүз. Азыр бул иш райондук сотто каралууда. Ал дагы канчага уланаары белгисиз”, – дейт адвокат.

Эскертсек, 2012-жылдын февраль айында журналист Махинур Ниязова дем алыш күнү депутат Ирина Карамушкинан айдоочусу Алексей Хурасев жол кырсыгына кабылганда, кызматтык машинанын ичинде депутат да болгону тууралуу жазган болчу.

 Булак:  http://www.vb.kg/215840

Окшош посттор

Жалал-Абаддагы гезиттин жетекчисин кодулап, иштен кетирүүгө аракеттер болууда

Administrator
31.05.2012

Кыргыз тилиндеги онлайн-курстар жайгаштырылган биринчи интерактивдүү сайт иштеп чыгарылды

Administrator
15.09.2021

Международный конкурс фотографов от Австралийской высшей школы права

Administrator
30.07.2012