Журналисты
Жаңылыктар

Улуу жеңиштин 68-жылдыгына карата «Эркин Тоо» сынак жарыялайт

Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 72 жыл болсо, Улуу жеңишке быйыл 68 жыл болот. Албетте, бул кыямат-кайымдын тарыхын эки дүйнөдө унутар эмеспиз. Нечен эр-азаматтарыбыз кырчынында кыйылышты, баатырдык менен курман болушту. Эл-жерине аман-эсен келгендердин да аягы суюлуп баратат. Атылбай калган аркардай согуштун, эмгектин ардагерлери анда-санда гана калышты.

Эми бир 5-6 жылдан соң, ай ким билет кайран аталарыбыздын, аларды күтүп саргайган, тылда эмгектенип мекен, коомубуздун оор жүгүн көтөргөн энелерибиздин тирүү караандары эмес, портреттери эле калат. Алар баскан  жол да, тарых да ыйык. Эч качан унутулбайт. Алар жөнүндө жазылганынан жазыла элеги көп. Киного тартылганынан тартыла элеги арбын. Сүрөтчүлөрдүн кыл калемине түшкөнүнөн түшөлеги түмөн. Ток этери, Улуу жеңиштин 68-жылдыгына карата мыкты жазылган даректүү кыска-нуска материалдарга конкурс жарыялайбыз. Тандалгандары газетага жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы Жеңиш күнүнө карата чыгарылат. Акчалай сыйлык, баалуу белектер берилет. Жеңүүчүлөр мамлекеттик “Эркин Тоо” гезитинин Ардак грамоталары менен бирге баалуу белек, акчалай сыйлыктарын алышмакчы.

Бул тема чексиз, конкурска катышыңыздар!

«Эркин Тоо», 05.03.2013-ж.

Окшош посттор

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Таир Турсуналиевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөт

admin
13.06.2014

КР журналисттер бирикмеси тексттеги «кастык тилдин» болушун текшерүү үчүн сейрек аспап сунуштады

admin
12.11.2020

Массалык нааразылык акцияларын чагылдыруу – журналистерге көмөкчү ресурстар

admin
07.10.2020