Журналисты
Жаңылыктар

“Туулган жерим асыл турагым” сүрөт конкурсу

Ар бир адамдын туулуп өскөн жери дайыма ыйык жана кымбат. “Туулган жердин топурагы алтын” деген макал да тегин жерден айтылбаса керек.

“Кабар Ордо” сайты “Туулган жерим асыл турагым” аттуу сүрөт конкурс жарыялайт. Бул конкурска ар бир окурман өзүнүн туулуп өскөн жеринин сүрөтүн салып катыша алат.

Конкурска сүрөттөрдү кабыл алуу 10-февралдан 9-мартка чейин. Сүрөттөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 9-март, 18-00гө чейин жүрөт.

Конкурска кабыл алынган сүрөттөргө добуш берүү 11-марттан 25-мартка чейин. Добуш берүү 25-март күнү саат 18-00дө токтотулат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы 27-мартта чыгат.

Сүрөттөрдү kabarordo@mail.ru дарегине салыңыздар.

Конкурсттун шарттары:

– ар бир катышуучудан бир гана сүрөт кабыл алынат,

– сүрөттөр сапаттуу болушу кажет,

– сүрөт жиберген окурман өзүнүн толук АТЫ-ЖӨНҮН, ТЕЛЕФОН номерин, ДАРЕГИН жазуусу абзел,

– жиберилген сүрөт кайсыл жерден тартылгандыгы жана сүрөттөгү каармандар тууралуу кыскача маалымат болушу шарт,

– редакция жиберилген сүрөттөрдү сапатына карап тандоого укуктуу,

– конкурстун талаптарына жооп бербеген сүрөттөр добуш берүүгө коюлбайт,

– эң көп добуш алган сүрөт жеңүүчү деп табылат,

– жасалма жол менен добуш бергендер болсо, редакция тарабынан алар алынып салынат.

Конкурстун бир гана жеңүүчүсү болот. Жеңүүчүгө акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон белекке берилет.

Окшош посттор

Internews кызыккан уюмдарды контент менен алмашуу тендерине катышканы чакырып жатат

admin
16.06.2017

Ряд представителей СМИ выступают с обращением в защиту пресс-секретаря Верховного суда Б.Рысалиева

admin
29.06.2012

КТРК Байкоочу кеңешинин курамы бекиди

admin
18.04.2012