Журналисты
Жаңылыктар

«Ош шамы» гезити эми өлкөнүн бардык аймагына таратылат

Келерки санынан баштап «Ош шамы» гезити Кыргызстандын бүткүл аймагына таратыла баштамакчы. Бул тууралуу гезиттин башкы редакторунун орун басары Кайрат Жапаров 10-январда «Ынтымак» радиосуна берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, бул Ош шаарында болуп жаткан тарыхый саамалыктарды жалпы Кыргызстанга жеткирүү максатында жүргүзүлмөкчү.

«Кудайым буйруса ушул жумадагы санынан баштап гезитибиз бүткүл Кыргызстанга таратылат. Ошондой эле ар бир областан бирден кабарчы алабыз. Эгер гезитибиздин сатылуусу жакшы болсо, нускасын 15 миңге чейин жеткирүүнү пландап жатабыз»,-дейт Кайрат Жапаров.

Белгилей кетсек, гезит 1991-жылы Ош шаарынын мэриясы жана кеңеши тарабынан негизделген. Жумасына 1 жолу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде 2300 нускада чыгат. Улуттук гезит премиясынын 2010-жылдагы “Мыкты аймак гезити” номинациясынын жеңүүчүсү.

Сүрөттүн автору Акылбек Орозматов.

Окшош посттор

“Ош шамы” гезитине студенттерди кабарчылыкка тандап жатат

Administrator
25.09.2012

Путин подписал закон об ограничении иностранного капитала СМИ

Administrator
16.10.2014

Кыргыз Республикасынын аймактык ММК үчүн “Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” сынагы

Administrator
07.07.2014