Журналисты
Жаңылыктар

“Орусия баскынчылыгына каршылык” медиа программасына АКШ 15,6 млн доллар бөлүүдө

АКШ бюджети тарабынан каржыланган Чехиялык “Свобода” (Азаттык) кеңсесинин негизинде “орусиялык медиа ааламдагы маалымат бурмалоого” каршылык кылуу максатында санариптик медиадепартамент  түзүлмөкчү. Бул тууралуу бүгүн 14-апрелде “Известия” гезити жазып чыкты.

Ал Facebook, Twitter, «ВКонтакте» жана «Одноклассники» соцтармактарда, WhatsApp мессежжеринде, YouTube каналында, Rus2Web сайттында иш алып бармакчы. Мындан сырткары бул программанын алкагында BBG медиаструктурасы жана «Голос Америки» орусиялык РБК-ТВ каналында 60 мүнөттүк биргелешкен контент чыгарышат. Орусия менен маалымат майданында күрөшүүдө негизги курал катары өзгөчө берүүлөр менен саясый сатира каралууда.

Footage vs Footage («Тасмага каршы тасма») видеоформатта, бир эле кабарды орусиялык жана батыштык ЖМКлар кантип чагылдырып жатканын талдоо аркылуу, “орусиялык теле үгүттү” ашкерелөө, деген максаты коюлууда.

АКШ Конгрессинде келерки жылга каралуучу бүжжеттин,“Орусия баскынчылыгына каршылык” аттуу бөлүгүндө, президентин атынан 15,6 млн доллар чегерүү пландалган.

Саресеп

Окшош посттор

Конкурсный набор в Школу миротворчества и медиа-технологий

admin
18.06.2012

Наблюдательный совет ТРК «Ынтымак» обратился к юристам для определения законности выборов гендиректора телекомпании

admin
07.08.2012

В Бишкеке работники СМИ отметят международный день солидарности журналистов

admin
06.09.2012