Журналисты
Жаңылыктар

Нарында “Журналисттердин жаңы толкуну” башталды

“Naryn.KG” медиа борбору ишке ашырып жаткан  “Журналисттердин жаңы толкуну” деп аталган ишин  баштады. Долбордун алкагында Нарын шаарындагы журналист болууну каалган жаштардан  конкурстун негизинде  тандалып алынган  20 улан-кыздар  журналистиканын сырларын окуп үйрөнүшмөкчү.

“ Нарында журналистика факультети жок, акыркы он жылдан бери борбордон бүтүп келген адистер келе элек, андыктан бул долбоордун максаты жергиликтүү жөндөмү бар жаштардан даярдоо”, – дейт долбоордун жетекчиси Жаркын Ибраева.

Тандалган окуучулар теле-радио, газета, интернет журналистикасынан билим алып, жергиликтүү ЖМКалардан тажрыйба алышат.  Долбоор Сорос фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүлүгү тарабынан колдоого алынып иштөөдө.

Ал эми ушул долбоор боюнча билим алып жаткан жаштар “Алмаз” радиосунда болуп, радионун бир күндүк иш жүрүшүнө күбө болушту. Журналистикага кызыккан жаштар алып баруучулук, радио-техника жаатындагы суроолоруна жооп ала алышты.

Долбоордун катышуучусу Жанара Токторбек кызы  оюн бөлүшүп, радионун иши абдан жаккандыгын, иш  кызыктуу болгону менен, ал  ойлогондон да татаал экенин айтты.  Болочоктогу журналист “окуу менен бирге практика көбүрөөк болсо дейм”, – деген оюн билдирди.

Сүрөт: naryn.kg

Окшош посттор

Кыргызстанда сөз эркиндигинде каршы багытталган мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизилет

Administrator
14.11.2020

Фотоконкурс Humanity Photo Awards-2013 принимает работы

Administrator
08.02.2013

Телекомпания НТС просит спикера ЖК проверить законность действий депутатов фракции

Administrator
28.09.2012