Журналисты
Жаңылыктар

Мээри Бекешова: Ушактын баары чын болуп чыкса, келгиле, жакшы ушактарды жазууга өтөбүз

Бул пикирин «24.kg» агенттигине Кыргызстандагы ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун жетекчиси Мээри Бекешова билдирди.

Эскертсек, «24.kg» агенттигине ЖМКга түшкөн арыздарды караштыруу боюнча комиссия төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн: «Кыргыз тилдүү пресса өкүлдөрү өздөрү жарыялаган маалыматтар ушакка негизделерин моюндарына алды» деген пикирин берген. Ага улай Мээри Бекешовадан бул боюнча комментарий алганыбызда, ал буларга токтолду:

«Бир журналисттин «биз Акаевдин тушунда ушак жазчу элек, кийин баары чын болуп чыкты, Бакиевдин тушунда ушак жазчу элек, ал да чын болуп чыкты, азыр да ушак жазабыз, убакыт өтсө булар да чындык болуп чыгат», – дегени бар. Демек, ушактын баары чын болуп чыкса, келгиле, жакшы ушактарды жазууга өтөбүз», – дейт.

Булак: http://kyr.24.kg

Окшош посттор

Журналист бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт

admin
31.05.2019

«Ынтымак» КТРКда ондон ашуун кызматкер кыскарууга учурады

admin
17.09.2019

Открыт фотоконкурс на тему благотворительности

admin
09.09.2013