Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Марат Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Биздин “dem.kg” сайтыбыз окурмандардын да, ЖМКлардын да керегине жарайт деген ойдобуз”

Марат Токоев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы: “Биздин “dem.kg” сайтыбыз окурмандардын да, ЖМКлардын да керегине жарайт деген ойдобуз”

Кыргызстандын маалымат айдыңында ачылганына аз да болсо, эл оозуна алынып калган “dem.kg” аттуу сайт бар. Бул сайт башында республикадагы өздүк сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачылып, кийин сайты барлары да маалыматтарын коё башташты. Себеби, “dem.kg” интернет аркылуу дагы жаңы окурмандарды табууга жардамчы болууда. Биз аталган сайт тууралуу, сайттын негиздөөчүсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевди кепке тарттык.

– Марат мырза, сиздин демилгеңиз менен түзүлгөн “dem.kg” сайты туурасында маалымат бере кетсеңиз, эмне максатты көздөйт?

– «dem.kg» сайтынын баштапкы максаты – интернетте өзүнүн сайттары жок ЖМКларга жардам берүү болчу. Салттуу ЖМКлардын (жалпыга маалымдоо каражаттары) иш алып баруусу интернет менен тыгыз байланышта жана алардын интернетсиз өнүгүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Интернет жаңы окурманды тапканга, окурмандардын ой-мүдөөлөрүн, кызыкчылыктарын түшүнүүгө анан алар менен байланыш түзүүгө шарттарды түзүп берет. Бирок, салттуу ЖМКлардын акча каражаты жагынан чабалдыгы байкалып жатат. Маселен, бир сайтты жасаш үчүн кеминде эле 300-400 доллар жумшаш керек, андан сырткары дагы башка чыгымдары болот. Маселен, сатып ала турган домендик ысымы дегени бар, ал kg зонасында 50 доллардын айланасында. Сайт, анын материалдары жайгаша турган өзүнчө бир сактоочу жай болгон – хостинг деген бар. Ал үчүн да акча төлөп туруш керек. Экинчиден, сайтты иштетиш үчүн адис керек. Себеби, домен, хостингден түшүнүгү бар, материалды сайтка чыгарып турган адам болуш керек. Бул иш биздеги көп ЖМКларда жасалгалоочуларга (верстальщиктерге) же башка бир кызматкерге кошумча жүк катары жүктөлөт. Ал, балким, компьютер, интернетти жакшы билгени менен сайттын иштетүүнү жакшы биле бербеши ыктымал. Себеби, сайтты иштетүү өзүнчө бир өнөр да. Интернет сайттын мүмкүнчүлүгүн толук колдонуш үчүн аны иштетүү жагын жакшы өздөштүрүү зарыл…  Ушуга окшогон бир катар жагдайларды эске алып биз, жеткиликтүү, өзүнчө чоң сайт болбосо дагы алардын материалдарын интернетке чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүп берели деген ниет менен ушул “dem.kg” сайтын ачканбыз. Аны көп батирлүү чоң үй менен салыштырса болот. Ар бир бөлмөсү бир ЖМКнын батири дегендей.

– Мындай мүмкүнчүлүк аймактык ЖМКлар үчүнбү же жалпы баарын камтыйбы?

– Жок, республикадагы бардык ЖМКлар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр. Албетте, анын ичинде сиз айткан аймактык басылмалар бар. Маселен, аймакта жакшы, кызыктуу окуялар болот, ал тууралуу маалымат Бишкек же Ош шаарларында жашаган тургундарга жетпей калышы мүмкүн. Анткени, райондо чыккан гезит өзүнүн 1-2 миң нускасы менен эле калк арасына тарап кетет дагы, алар жалпы кыргызстандыктарга жетпей калат. Бизде катталгандарда маалыматты жалпы республикага, ал тургай Кыргызстандын чет жакасында жүргөн окурмандарга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошол мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иретинде, жогоруда айтып кеткенимдей, “dem.kg” сайтын түптөгөнбүз. Анда каалаган ЖМК бекер каттала алат, өзүнүн аккаунту болот. Башкы бетке сайтта катталган бардык ЖМКлардын, сайттардын материалдары жарыяланып турат. Материалдар аймактар боюнча, рубрикалар боюнча иреттелет.

Башында сайты жок ЖМКларга интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү берүүнү гана көздөгөнбүз. Бирок, кийинчерээк биздин сайтка өзүнүн сайттары барлар да кызыгып каттала башташты. Себеби, биз аркылуу да аларга жаңы окурмандарды табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. “Демде” кайра артка шилтеме деген бар, эгерде алар өз сайтындагы материалды бизге жайгаштырып, шилтемени коюп койсо, окуп жаткан киши ошол шилтеме аркылуу алардын сайтына да өтө алат.

Көп гезиттер сайт ачып алганы менен материалды гезит чыкканда гана жайгаштырып турат. Ал эми бизде басылмалар жумасына ашып кетсе эки ирет чыгат, демек, сайттарындагы материалдар да жумасына бир же эки жолу гана жаңыланып турат. А мындай сейрек жаңыланган сайттарга окурмандар көп кирбейт. Ал эми биздин сайтка материалдарын жайгаштыруу аркылуу өзүнүн сайтына кошумча окурмандарды тартканга мүмкүнчүлүк болот.

– Аймактагы бир топ ЖМКлар үчүн тез, сапаттуу интернетке дагы деле жетпей келет, алар мындай абалда материалдарын кантип жайгаштыра алат?

– Туура белгиледиңиз. Муну да биз эске алганбыз. Тез интернет жакшы жете элек аймактардагы кесиптештерибиз материалдарын электрондук почта аркылуу жөнөтүп жайгаштыра алышат. Алар биздин сайтка катталып жатканда электрондук дарек берилет, ошол дарекке сүрөттү тиркеп, материалды жиберип коюшса, макала автоматтык түрдө “Демге” чыгып калат. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстанда биздин сайтта гана бар. Бул интернет байланышы начар аймакта иштеп жаткан ЖМКлар үчүн өтө ыңгайлуу.

Сайтыбызда катталган колдонуучулар макалаларга пикир жаза алышат. Катталууну киргизгенибиздин себеби, ар бир адамда жазган пикири үчүн жоопкерчилик болсун деген эле тилек.

Ошондой эле катталгандар кайсы бир ЖМКнын материалы боюнча ЖМКларга даттанууну териштирүү боюнча атайын комиссияга даттана алат. Сайттагы ар бир макаланын алдында жалындын сөлөкөтүнө окшош белги бар. Аны басканда, жогоруда айтылган комиссияга даттануунун формасы ачылат. Анда макаланын эмнеси сизге жакпаганын билдирсеңиз болот. Комиссия кайрылган адам менен байланышып, толугураак пикирин билүү менен ошол материалда айтылгандар чын же чын эместигин териштирет, эгерде ЖМК тараптан чын эле катачылык кеткен болсо, анда аны тартипке салат дегендей. Окурмандардын комиссияга кайрылуусу ЖМКлардын объективдүү иштешине салымы болот эле.

– Окурмандар үчүн сайттын дагы кандай ыңгайлуулуктары бар?

– Интернет деген бир ордуна турбайт, азыр мобилдүү интернет өнүгө баштады. Ал – адамдар чөнтөк телефону аркылуу каалаган сайтка кирип маалыматтарды окуй алат. Бул алыскы аймактарда жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу деп ойлойм. “Демдин” мобилдик түрүн айылдагылар да окуй алат, бул өтө жеңил сайт. Трафикти жебейт, атайын мобилдик түзүм аркылуу киргенге жеңил болушу үчүн ылайыкталып жасалган. Кайсыл телефондон кирсеңиз да ага автоматтык түрдө окуганга ыңгайлашып турат.

Дагы бир өзгөчөлүгүбүз – элдик кабарларды жөнөтүүнү киргиздик. ЖМКларда канчалык көп адам иштебесин, баары бир эл көргөндү, билгенди бардык журналисттер көрө, биле бербейт. Кайсы бир окуяга күбө болгон адам журналисттерди күтүп отурбай аны кабарлай алат. Интернеттин өнүгүүсү менен ошол ар бир адамды кабарчыга айланта турган жеңил мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Эми ар бир адам өзү макала жазып, өзү сүрөт коюп, кандайдыр бир деңгээлде журналисттик вазийпаны аткара алат. “dem.kg” сайтына элдик кабарчы тексттен сырткары сүрөт да жүктөй алат. Биз ошондой мүмкүнчүлүктү түзүп бердик. Мындай материалды жиберүү үчүн сөзсүз эле сайтта катталуунун кереги жок, кайсыл бир окуяга күбө болсо, аны телефонго тартып, чакан текст жазып, атын көрсөтүп туруп сайтта атайын кызмат бар, ошону пайдаланып туруп жөнөтсө биздин сайтка жарыяланып калат. Жакшы ой-пикир менен ачылган кызматтарды айрым адамдар өзүнүн кызыкчылыгына колдонгон учурлар болуп калат. Ошон үчүн жиберилген жаңылыктар администратордун текшерүүсүнөн өтөт. Ал эми сайттын эрежеси өтө жөнөкөй: сөгүнбө, кагынба, жамандаба, жүйөөлүү сүйлө.

Окурмандарга маалымат катары айта турган нерсе – элдик кабарчылардын арасында сынак жарыяладык. Сапаты, саны боюнча материалдарды карап, жеңүүчүлөрдү аныктап, аларга journalist.kg порталында атайын блог ачып беребиз. Анын шарттары менен кеңири таанышуу үчүн “dem.kg” сайтына кирип карап алса болот.

Азыр Кыргызстанда абройлуу болгон ЖМКлардын 7-8и менен келишим түзгөнбүз, алардын күндө чыккан материалдарынан биздин пикирибизде жакшы, маанилүү, элге керектүү делген маалыматтардын 5-6сын сайтка чыгарып турабыз. Ошондо сайтка кеминде 50гө жакын маалыматты кыргыз, орус жана англис тилинде чыгаруудабыз.

Дагы эскерте кетсем, бул сайтты биз элдин маалыматка, өзгөчө аймактык маалыматка жетүүсүн, аймактык окурмандардын башка жактарда болуп жаткан окуялар боюнча маалымат менен камсыз болсун деген максатта ачканбыз. Бизге бул жагынан башында “Сорос-Кыргызстан” фонду чоң жардам берди, ал эми заманбап өзгөрүүлөргө байланыштуу сайтты ийкемдүү кылганга Даниялык Эл аралык медианы колдоо уюму көмөк көрсөтүп, сайттагы акыркы өзгөрүүлөрдү каржылап берди. Сайтыбыз окурмандардын керегине жарайт деген ойдобуз.

Булак: http://www.de-facto.kg/novosti/maek/742_marat_tokoev_jurnalistter_koomduk__birikmesinin_toragasyibizdin_demkg__saytyibyiz_okurmandardyin_da_jmklardyin_da_keregine_jarayt_degen_oydobuz/

Окшош посттор