Журналисты
Жаңылыктар

Кыргызстанда сайттар арасында улуттук-интернет сынагы жүрүүдө

Учурда Кыргызстандын интернет айдыңындагы сайттар арасында жарыяланган “Premia.kg” деп аталган Улуттук интернет-сыйлыгынын сынагы жүрүүдө.

Сынактын тартибине ылайык, Premia.kg дареги боюнча кирип, ал жерде жайгаштырылган сайттарга добуш берүү менен жеңүүчү аныкталат.

Улуттук интернет-сыйлыгы 9 категорияда жарыяланган. Алар “ЖМК жана коомчулук”, “Бош убакыт жана көңүл ачуу”, “Спорт жана туризм”, “Мамлекет жана ӨЭУ”, “Жаштар жана билим берүү”, “Бизнес жана коммерция”, “Байланыш жана коммуникация”, “Медицина жана ден соолук”, “Блогдор сайты” деп аталат.

Учурда конкурска 123 ар кыл багыттагы сайттар катышууда.  Азырынча эң көп упай 1266 болсо, эң аз 1 упайлуу сайттар бар.

Сайтка катышуунун шарттары эң жөнөкөй: Кыргызстанда ачылып иштеп жаткан жана чет жакта жайгашып, бирок, Кыргызстан, анын жашоосу туурасында жазган ар бир сайт катышса болот.
Талап бирөө гана – сайттагы материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеши керек.

Улуттук интернет-сыйлык боюнча бул долбоордун координатору Дмитрий Шахназаровго кайрылып, сынактын мөөнөтү жана жеңүүчүлөргө коюлган сыйлыктар туурасында сурадык.

“Сынактын жыйынтыгын ноябрдын ортосу, декабрдын башы менен чыгарабыз. Ага чейин сентябрдын орто ченинде катышуучуларга добуш берүү кайсы учурда аяктаары туурасында так маалымат беребиз. Ноябрь дегенибиздин себеби, биздин конкурстун жыйынтыгы шаардык кеңешке болгон шайлоого туш келип калып, иш-чаралар бири-биринин артынан болуп калбасын деп жатабыз. Ал эми сыйлыктар боюнча айтсак, жок дегенде, артыкчылык белгиси ыйгарылат. Андан сырткары  биздин (конкурстун) өнөктөштөрдөн да сыйлыктар болот”,-деди Д.Шахназаров.

Анын айтымында, учурда конкурска катыша тургандар улам арбып, арызын берүүдө. Биз караган учурда он-лайн режимден 123 сайттын катышып жатканын көрдүк. Д.Шахназаров, учурда дагы бир топ сайттардын арызы модераторлукта турганын, жакынкы убактарда алар да конкурстун катышуучуларынын катарын толуктарын айтты.

Окурмандарга биздин journalist.kg сайты да эки категорияда (http://premia.kg/novostnye-sajty/86-journalist-kg жана http://premia.kg/gosudarstvo-i-npo/120-journalist-kg) катышып жатканын, эгерде кааласа добуш бере аларын айта кетмекчибиз.

Окшош посттор

Конкурс гражданской журналистики “Экодело”

Administrator
20.01.2014

Ош шаарында адистер жана журналисттер үчүн медиа сабаттуулук жана иликтөөчү журналистиканын аспаптары боюнча тренинг өттү

Administrator
21.11.2023

Алишер Саиповдун инилери, анын ичинде журналист Шохрух Саипов сабалды

Administrator
04.12.2012