Журналисты
Жаңылыктар

Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программа киргизилет – Атаханов

Кыргызстанда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программа киргизилет. Бул тууралуу дүйшөмбүдө профилдик комитеттердин кеңейтилген отурумунда КР УКМК башчысы Шамиль Атаханов маалымдады.

«Бүгүнкү күндө парламенттин өлкөдө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча токтомунун негизинде атайын программа иштеп чыктык. Бул программа учурда тесттик тартипте иштеп жатат, 3-4 айдын ичинде ал толугу менен киргизилет», – деп билдирди ал.

Ошондой эле, Ш. Атаханов «Фергана.ру» интернет сайты өлкөнүн аймагында жарым-жартылай жабык болуп калууда деп белгиледи. «Учурда өлкөнүн тийиштүү мекемелери менен иштеп жатабыз. Бирок бул жумушту комплекстүү алып баруу керек», – деп кошумчалады ал.

Маалымат булагы: “kyrtag.kg” маалымат агенттиги

Окшош посттор

ЭлТР телеканалы “Азаттыктын” иликтөөсүн көрсөтүүдөн баш тартты

Administrator
06.12.2019

“Ынтымак” коомдук-региондук телерадиокомпаниясы Башкы директорлук кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт

Administrator
20.06.2012

3-майда “Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен” көргөзмөсү ачылат

Administrator
01.05.2019