Журналисты
Жаңылыктар

«Кыргыз гезиттеринин биримдиги» аттуу бейформал уюм түзүлдү

17-ноябрда, «Алиби» гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун демилгеси менен кыргыз басылмаларынын редакторлору, белгилүү журналисттер жыйналды.

Анда өлкөдөгү саясый-экономикалык абалдын туруксуздугу, кыргыз басылмаларынын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы тууралуу маселелерде бирдиктүү аракеттерди көрбөй чачкын болуп, айрым учурларда жеке кызыкчылыктарга берилип жаткандыгы талкууланды.

Жыйынга чогулгандардын дээрлик көпчүлүгү азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы экендиктерин билдирип, КРнын президенти Алмазбек Атамбаевди катуу сынга алышты. Мындан ары да бул багытта биргелешип аракеттерди көрүү макулдашылып, «Кыргыз гезиттеринин биримдиги» аттуу бейформал уюм түзүлүп, Бабырбек Жээнбеков төрага, Элнура Кулуева жоопту катчы болуп шайланды.

Булак: http://www.vb.kg/doc/206102_kyrgyz_gezitterinin_birimdigi_attyy_beyformal_yum_tzld.html

Окшош посттор

Матраимовду колдоо митингинде «Азаттыктын» жана «Клооптун» журналисттерине карата чагымчылдык аракеттер болду

Administrator
01.03.2021

Германская служба академических обменов (DAAD) принимает документы для участия журналистов в 3-месячной стажировке

Administrator
27.08.2012

Курс для журналистов, освещающих темы коррупции в финансовой сфере

Administrator
20.01.2014