Журналисты
Жаңылыктар

КТРКнын берүүлөрү эфирге эми күнү-түнү чыга баштады

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрь айынан тартып Коомдук биринчи каналдын берүүлөрү 24 саат бою эфирге чыга баштады.

Мындан ары Коомдук биринчи каналдын программаларын көрүүчүлөр күнү-түнү көрө алат.

“Түнкү телеберүүлөр азырынча Чүй облусунда жана Бишкек шаарында көрсөтүлүп баштады, кийинчерээк республикалык бюджеттен каражат бөлүнсө, КТРКнын программалары 24 саат бою республиканын баардык аймактарында көрсөтүлөт”,-деп айтылат КТРКнын билдирүүсүндө.

  КТРКнын башкы көркөм режиссеру Канат Култаевдин айтымында, түнкүсүн саат 12ден 02:00ге  чейин жаштарга арналган  көрсөтүүлөр түз эфирде чыгат. Анда конок катары студияга белгилүү инсандар, эстрада ырчылары чакырылып, жаңы видеоклиптер, кызыктуу рубрикалар көрүүчүлөргө  тартууланат. Мындан тышкары, түнкү каналда  көркөм фильмдер жана рейтинги жогору болгон программалар, “Ала-Тоо” маалымат программасы кайталанып көрсөтүлөт.

Окшош посттор

Журналиста обвиняют по пяти статьям уголовного кодекса

Administrator
04.04.2013

Журналисттер этиканы сактабай жатабы?

Administrator
06.11.2015

Пулитцеровский центр освещения кризисов предоставляет гранты

Administrator
19.12.2012