Журналисты
Жаңылыктар

Караколдо студенттик гезит чыгарылат

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетининде студенттик гезитти чыгаруу пландаштырылууда, деп маалымдайт «Issyknews» сайты. Бул тууралуу окуу жайдын студенттик уюмунун чогулушунда тарбия боюнча проректору Нурлан Тагайбаев билдирген.

Студенттик гезит жождо 2 жылдан бери чыгарылып келаткан “Студенттик багыт” бюллетенинин негизинде уюштурулмакчы. Гезитти 1000 нускада, айына 2 жолу чыгаруу күтүлүүдө.

Белгилей кетиш керек, окуу жайда алгачкы гезит ректор Жолдош Жусаевдин убагында чыгарылып, анын демилгеси менен “Жалын” деп аталган. Андан соң жоюлуп, кийин “Студенттик багыт” бюллетени чыгып келген.

“Гезиттин биринчи чыгарылышына окуу жайдан акча бөлүнөт. Гезит мурдагы “Жалын” аты менен чыгат. Ал эми “Студенттик багыт” бюллетени “Жалын” гезиттинин ичине тиркелет. Гезитке жоопту редактору болуп Жыргалбек Акматалиев бекитилди. Аны менен студенттик уюмдун студенттери иштешет”, – деп билдирген Н. Тагайбаев.

Окшош посттор

ЭлТР телеканалы “Азаттыктын” иликтөөсүн көрсөтүүдөн баш тартты

Administrator
06.12.2019

Журналисттерди улак тартууга чакырышат

Administrator
18.09.2012

Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкты” сындап чыкты

Administrator
02.04.2015