Журналисты
Жаңылыктар

“Интервью өнөрү” тренингине чакырабыз

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмеси февралда кыргызча жазган журналисттер жана КР ЖОЖдорунда журналистика адистигине окуган жогорку курстардын студенттери үчүн атайын тренинг уюштурат.

Үч күндүк тренинг Бишкекте, “Маалымат укугу борборунун” кеңсесинде өтөт. Катышуучу интервью жанрынын өзгөчөлүктөрүнө, адамдарды кантип сүйлөтүп, капыстан суроо берүү өнөрүнө ынтызар болууга тийиш.

Устат катары белгилүү журналист, “Азаттык” радиосунун Бишкек бюро башчысы Султан Жумагулов чакырылды. Окутуу талкуу, интерактивдүү алым-сабак жана практикалык иш түрүндө болот.

Окутуу акысыз. Тренинге катышуучулар саны чектелүү, каалоочулар резюмесин zharkynai@medialaw.kg дарегине жиберсе же (312) 663006 номуруна (Жаркынай) чалса болот.
Тренинг өтө турган күндү кошумча кабарлайбыз.

Окшош посттор

Режиссер Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна карата дооматтарын сотко чейин чечүү аракетин четке какпайт

Administrator
24.10.2019

В Кыргызстане проводится конкурс для представительниц масс-медиа – “Акыл Карачач”

Administrator
10.09.2012

Шайлоо – 2021: «Ош ТВ» телеканалынын журналистине кол салууну милиция тергей баштады

Administrator
30.11.2021