Журналисты
Жаңылыктар

“Интервью өнөрү” тренинги

“Маалымат укугу борбору” коомдук бирикмеси 29-30-мартта аймактагы журналисттер үчүн тренинг өткөрөт.

Тренинг Бишкекте, “Маалымат укугу борборунун” кеңсесинде өтөт. Катышуучу интервью жанрынын өзгөчөлүктөрүнө, адамдарды кантип сүйлөтүп, курч жана капыстан суроо берүү өнөрүнө ынтызар болууга тийиш.

Устат катары белгилүү журналист, “Азаттык” радиосунун Бишкек бюро башчысы Султан Жумагулов чакырылды. Окутуу талкуу, интерактивдүү алым-сабак жана практикалык иш түрүндө болот.

Окутуу акысыз. Тренинге катышуучулар саны чектелүү, каалоочулар резюмесин 24 -мартка чейин zharkynai@medialaw.kg дарегине жиберсе же (312) 663006 номуруна (Жаркынай) чалса болот.

Окшош посттор

Нарындагы маалымат алуудагы кыйынчылыктар

admin
31.05.2019

Бүткүл дүйнөлүк телевидение күнүңөр менен!

admin
21.11.2019

Продолжается конкурс на лучшее освещение в СМИ вопросов оказания экстренной помощи в КР

admin
03.10.2012