Журналисты
Жаңылыктар

Декабрдын башында Эшимканов атындагы фонд уюштурган конкурстун биринчи жеңүүчүсүнүн ысымы аталат

2012-жылдын 9-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкө журналистикасынын бүгүнкү абалына арналган конференция өтөт. Бул туурасында уюшуруучулар билдиришти.

 Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд бардык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн маалыматтык мейкиндиктеги көйгөйлөрдү талкуулоого жана жол издөөгө чакырат. Ошол эле күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси өтөт.

Кыргыз тилдүү эгемен басма сөзүнө чыйыр салуучу, саясатчы жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Кечеде коомдук фонд Кыргызстан журналисттеринин арасында Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкка жарыяланган конкурсун жыйынтыгы чыгарылат. Жеңүүчүнүн ысымы аталып, 100 миң сом тапшырылат.

Бул сыйлык жыл сайын бир гана журналистке ыйгарылып турат. Конкурска жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрү (кыргыз жана орус тилдеринде) катыша алат.

Фонддон билдиргендей, журналисттик эмгектер сынакка кабыл алуу 1-декабрга чейин созулат.

Конкурстун жобосу менен www.ESHIMKANOV.KG сайтынан тааныша аласыздар.

Бардык суроолор боюнча 0312 890959  телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Окшош посттор

“Журналисттер” КБга ыктыярчылар керек

Administrator
15.02.2019

Принимаются работы на фотоконкурс “Городской фотограф года”

Administrator
30.07.2012

Журналисттер арасында конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Administrator
20.02.2013