Журналисты
Жаңылыктар

Быйыл 60тан ашуун журналист иш учурунда ажалга кабылды

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык “Чек арасыз репортерлор” уюму бүгүн 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган иликтөөсүн жарыялады. Анда быйыл өз милдетин аткарып жүргөн учурда өлтүрүлгөн журналисттер 67ге жеткени айтылат.

Алардын көпчүлүгү салыштырмалуу тынч өлкөлөрдө өз милдетин аткарып жүргөн учурда алдын-ала мерчемделген чабуулдардын курмандыгы болгон. Аталган уюм дагы 43 журналист кандай жагдайда өлүмгө кабылганы азырынча белгисиз болуп жатканын, андыктан быйыл милдетин аткарып жүргөн учурда ажал тапкан журналисттердин саны дагы өсүшү ыктымалдыгын белгилейт.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” деп аталган дагы бир уюм быйыл 69 журналист иш учурунда өлүмгө кабылганын билдирди. Уюмдун баяндамасында 29 журналист “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Алардын сегизи Мухаммед пайгамбардын каррикатурасын жарыялап жүргөн Париждеги Charlie Hebdo сатиралык журналынын кеңсесине согушкерлер январь айында жасаган чабуулда мерт болгон.

Окшош посттор

Кыргызстанда өзбек тилдүү ЖМКлар жандаганын белгилешүүдө

Administrator
18.05.2012

Фонд Скриппса-Говарда предлагает бесплатные вебинары

Administrator
27.08.2012

Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

Administrator
29.09.2014