Журналисты
Жаңылыктар

Белгилүү кыргыз журналисти жардамга муктаж

Кыргыз журналистикасында көп жылдан бери эмгектенип келген, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, кезинде «Аалам», «Агым», «Назар», «Айгай» гезиттерин жетектеген кесиптешибиз журналист Кенжебек Арыкбаев учурда альвеококк эктомии жана гепатит «С» дартына байланыштуу жардамга муктаж болууда.

Дарт өрчүп, чукул арада анын боорун алмаштыруу боюнча операция кылуу зарыл. Андай операциялар чет өлкөлөрдө гана жасалып, ага чоң суммадагы акча керек. 50 000 АКШ долларына жакын. Бул жалгыз журналисттин үй-бүлөсү үчүн чоң акча.

Учурда бир катар кыргыз тилдүү гезиттердин (15 ЖМК) башкы редакторлору КР Президентине, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана КР Премьер-министрине К.Арыкбаевге акчалай жардам көрсөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Ушундай эле кайрылууну бир катар коомдук жана илимий ишкерлер да жолдошту.

Кенжебек Арыкбаевдин кесиптештери да четте калбайт деген үмүттө атайы ачылган эсептик счеттун номурун беребиз:

Р/С ЗАО «ДЕМИР КЫРГЫЗ ИНТЕРНЭШНЛ БАНК»
1180000031308069
(KGS),
1180000031308170 (USD),

(байланыш тел.: 0555 38 17 37)

Окшош посттор

Журналист бейтааныш адамдардын кызыгуусун жана телефон чалуусун түздөн түз болбосо дагы кыйыр түрүндөгү коркутуу аракети деп эсептейт

admin
31.05.2019

Конкурс на публикацию антикоррупционных расследований в СМИ

admin
06.08.2012

“BBC”:За что и перед кем приходилось извиняться журналистам?

admin
29.01.2013