Журналисты
Жаңылыктар

24.kg:Тамаша торго салабыз деп иши сотко өткөн кабарчыларга карата сот иши башталат

«Супер-инфо» гезитинин кабарчыларынын үстүнөн сот башталарын айыпталуучу тарап кабарлаган. Сот аталган гезиттин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов жана спортчу Жанат Муратовго карата сот болот.

Эске салсак, 2012-жылдын 30-октябрында белгилүү журналист Назира Айтбекованы тамаша торго салабыз деп уурдап кетишкен. Кийин журналист бул окуяга байланыштуу сотко кайрылып, бул факт боюнча адам уурдоо, бейбаштык деген кылмыштарга жол берилген деп табылган.

«Супер-инфо» гезитинин жамааты мындай кылмыш жасалганын четке кагып, Назира Айтбекованы тамашага салуу гана аракети болгонун билдирип келишет. Бирок Айтбекова журналисттердин аракетин өзүнө каршы атайын уюштурулган иш катары баалоодо.

Эске салсак, жабырлануучу тарап тамаша тор алкагында деп теле алып баруучу бейтааныш жерге алынып барылып, жазалайбыз деп коркутулуп, чечиндирилип, камерага тартып мазактоо жүргөнүн айтып келет.

Булак: http://kyr.24.kg/koom/tamasha-torgo-salaby-z-dep-ishi-sotko-o-tko-n-kabarchy-larga-karata-sot-ishi-bashtalat

 

Окшош посттор

Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» медиафоруму болуп өттү

Administrator
16.09.2021

TMG телеканалы прокуратурага жана милицияга кайрылат

Administrator
10.02.2021

Нарындык журналист эмгек укугун коргоп сотко кайрылды

Administrator
25.10.2019