Журналисты
Жаңылыктар

#күччындыкта

Кыргызстанда эркин медиага болуп көрбөгөндөй кысым болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 28-октябрда, эртең менен #күччындыкта #силавправде деген бирдиктүү хэштег менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын кысымына каршы масштабдуу маалыматтык кампаниясы өтүүдө.

Бул Blackout Day – саат 9.00 дөн 12.00 гө чейин жаңылык материалдарын берүүнү/жайгаштырууну бир учурда токтотуу.

Үч сааттын ичинде акциянын бардык медиа – катышуучулары: сайттар, ТВ, социалдык тармактардагы аккаунттар жаңылыктардын ордуна “Жаңылыктар жок. ЖМКларга кысым бар” деген текст менен кара плашканы орнотушат.

Бул онлайн акция КР Маданият жана Маалымат министрлигинин “Азаттык” редакциясынын сайтына бөгөт коюу жөнүндө мыйзамсыз чечимине каршы реакция катары өткөрүлүп жатат.

Ошондой эле редакциялар күнү бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин жарыялоодон баш тартышат.

Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликти сөз эркиндигине жана прессанын эркиндигине болгон массалык жана болуп көрбөгөндөй кысымды токтотууга, журналисттерге, блоггерлерге, жарандык активисттерге жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарга карата кылмыш ишин ачуу менен куугунтука алууну токтотууга чакырды.
Кампанияга Кыргызстандын бардык алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулар, инфлюенсерлер жана медиа уюмдары кошулду.

Окшош посттор

Марат Токоев: “Сөз эркиндигин урматтаган өлкөлөрдө журналисттерге карата терс көрүнүштөр болбойт”

admin
10.05.2021

Басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынактын жыйынтыгы чыкты

admin
10.11.2014

Матраимовдордун ЖМКга каршы доо арызы боюнча соттук угуу болбой калды

admin
14.11.2020