Журналисты
Жаңылыктар

«Ийгиликке кадам» III Медиафоруму Баткен шаарында болуп өттү

«Кыргызстандагы медианы өнүктүрүү: кечээ, бүгүн жана этеӊ» темасындагы «Ийгиликке кадам» III Медиафоруму ушул жылдын 7-8-сентябрында Баткен шаарында болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу «Журналисттер» коомдук бирикмеси болду.

Медиафорумду өткөрүү датасы ар жылдын 8-сентябрында белгиленген Журналисттердин эл аралык тилектештигинин күнүнө байланган. Ал эми иш-чаранын Баткен шаарында өткөрүлөрү эки жыл мурда, 2021-жылы Нарын шаарында болуп өткөн II Медиафорумдун катышуучулары тарабынан тандалган болчу.

III Медиафорум кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алдында болуп өткөндүгү символикалык мааниге ээ болду.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкент шаарында кыргыз тилинде даярдалган «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны басылып чыгарылган. Ошого байланыштуу өлкөбүздө бул күн Кыргызстандын маалыматынын жана басма сөзүнүн күнү катарында белгиленет.

III Медиафорумду уюштурууда «Журналисттер» коомдук бирикмесине төмөнкү уюмдар өнөктөш болушту:

– IFEX Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциациясы;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

– «Интерньюс-Кыргызстан»;

– УТРК Баткен;

– Баткен мамлекеттик университети.

Медиаформдун ачылышында төмөнкүлөр саламдашуу сөздөрүн айтышты:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Салкын Сарногоева;

– – IFEX Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциациясынын өкүлү Ryan Hougton (видеокайрылуу);

– төкмө акындар Турат Жумаев жана Жылдызбек Тороканов.

Медиафорумдун Программасы 9 сессияны камтыды. Алардын арасанда төмөнкүлөр болду:

– «Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы»;

– «Учурда чакан медиалар көӊүлгө алчу жагдайлар»;

– «Жамааттык медиалардын ролу жана өнүгүүсү: жетишкендиктер жана тобокелчиликтер»;

– «Кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү»;

– «Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМК: Башкаруу, контент жана туруктуулук»;

– «Ютубда медиаконтент жаратуу, Кыргызстандагы подкасттардын потенциалы»;

– «Интернет доорундагы гезиттердин ролу»;

– «Азыркы кыргыз журналистикасындагы грамматикалык жана ситлистикалык каталар жөнүндө».

Мындан тышкары «Аймактык медиалар: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдоруу» аттуу панелдик дискуссия болуп өттү. Ага «Долон медиа» каналынын өкүлү Жаркын Ибраева жана «Ноокат таӊы» гезитинин редактору Нуркамил Абдуллаев катышышты.

Медиафорумдун соӊунда катышуучуларга БУУнун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Антье Граве жана «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дуйшенбеков ыраазычылыгын билдириген сөздөрүн айтышты.

Сессиялардан тышкары Медафорумдун катышуучулары үчүн «Мадыген» геопаркына жана «Салам радионун» редакциясына экскурсиялар уюштурулду.

Иш-чаранын катышуучуларынын добуш берүүсү менен «Ийгиликке кадам» атуу кийинки, IV медиафоруму эки жылдан кийин Ысык-Көл облусунда өтмөй болду.

Окшош посттор

“Медиа-Консалт”: “ЖМКлардын көбү кесиптик этикалык стандарттарды бузуп жатат”

admin
08.11.2012

Медиа-организации и правозащитные организации обеспокоены давлением со стороны сотрудников ГКНБ на ИА K-News

admin
22.06.2012

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

admin
03.06.2013