Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

ePaper окурмандары – салттуу басылмаларга караганда алда канча жаш жана кирешиси жогору топ: Германиядан мисалдар

ePaper окурмандары – салттуу басылмаларга караганда алда канча жаш жана кирешиси жогору топ: Германиядан мисалдар

Die Zeitungen Германиядагы электрондук окурмандардын абалы жөнүндө жаңы отчетту чыгарды. Биз Германиядагы электрондук окурмандар кимдер деген негизги беш корутундуну изилдейбиз.

1. ePaper окурмандары экинчи кварталда 20% өстү

Германияда электрондук гезиттердин тиражы экинчи кварталда эле 20% өстү. Биз башка өлкөлөрдөн байкаганыбыздай, коронавирус кризиси да бул көрсөткүчтүн өсүшүнө таасир этиши мүмкүн. Эми Германияда сатылган ар бир сегизинчи гезит – бул электрондук гезит. Бирок коронавирус – биз байкап жаткан мындай өсүштүн жалгыз себеби эмес, көпчүлүк басылма ээлери жыл аралыгындагы өсүштү байкашууда.

Электрондук гезиттердин өсүшү байкалган мындай басылмалардын бири Кельн районундагы бир катар гезиттердин басып чыгарган DuMont болуп саналат (Kölner Stadt Anzeiger, Express жана Kölner Rundschau). Башкаруучу директор Карстен Гросс алардын гезиттеринин санариптик стратегиясындагы ePaper өсүш маанисин тастыктайт.

«Биздин ePaper окурмандары лоялдуу жана кызыкдар, жаңы чыгарылыштарыбыздын окурмандарынын саны жыл сайын өскөнүн байкайбыз»,дейт DuMont Newspapers башкаруучу директору Карстен Гросс.

2. Германиянын 19% калкы электрондук гезиттерди окуйт

Германияда жалпы пайдалануунун өсүшү менен өлкө калкынын 19% ePaper окуйт

ePaper окурмандарынын ичинен 34% жаңылыктар менен таанышуу үчүн гана ePaper окуйт.

3. ePaper окурмандары – салттуу басма сөздун окурмандарына караганда алда канча жаш жана кирешеси бир кыйла жогору топко кирет

Бул отчет ePaper окурмандарынын үчтөн экиси (65,8%) 50 жаштан ылдый куракта экенин көрсөттү жана бул аларды башка басылмалардын окурмандарына караганда жашыраак. Окурмандардын олуттуу бөлүгү да 18-29 жаш курагында. Сурамжылоого 70 жашка чейинки респонденттер гана камтылганын баса белгилөө керек, андыктан 70 жаштан улуу ePaper окурмандары канча экени так айтуу мүмкүн эмес.

Бул топтогулар дагы толук иш менен камсыз болгон, билим деңгээли алда канча жогору адамдар. Мындан тышкары, айрым ePaper окурмандары эң жогорку айлык акы алгандарга кирет: алардын 43% айына 3000 евродон көп иштеп табат, ал эми ар бир бешинчиси 4000 евродон ашык үй-бүлөлүк кирешеге ээ.

«Улам барган сайын көбүрөөк окурмандар электрондук гезиттерге тартылууда жана ал үчүн төлөгөнгө даяр. Басылма ээлери жана жарнак берүүчүлөр үчүн бул жагымдуу жана өсүп бара жаткан максаттуу топ», – дейт BDZV аткаруучу директору Катрин Тишер.

4. ePaper окурмандары жергиликтүү жана аймактык жаңылыктарга көбүрөөк кызыгат

ePaper окурмандарынын 80% өздөрүн «мени жергиликтүү жана аймактык жаңылыктар көбүрөөк кызыктырат» деп белгилеген.

Жергиликтүү жаңылыктар категориясы бир кыйла кызыктуу темалар болуп саналат: курулуш / транспорт, социалдык долбоорлор, кылмыштуулук / күтүүсүз кырсыктар жана экономикалык саясат. Коронавирусту камтууга басым койгон жаңы эрежелер жана чаралар дагы эң кызыктуу темаларга кирет.

ePaper окурмандары сапаттуу журналистика үчүн да төлөгөнгө даяр: алардын 53% «Мен ишенимдүү жаңылык булагы үчүн төлөгөнгө даярмын» деп белгилейт. Эң кызыктуусу – жалаң салттуу басма материалдардын окурмандары төлөгөнгө даярдыгын аз билдиришет. Бул немистердин Интернеттеги жаңылыктар үчүн төлөгөнгө даярбыз дегендердин улуттук үлүшүнөн дагы жогору, Reuters билдирген боюнча, алар быйыл 10% түзүштү.

5. Колдонуунун жөнөкөйлүгү – адамдар электрондук китептерди пайдалануусунун эң негизги себеби

Окурмандар ePaper колдонуунун эң негизги себеби катары алардын жөнөкөйлүгүн жана дайыма жеткиликтүүлүгүн айтышат. Бул басылмалардын окурмандарын жеке изилдөөбүздүн жүрүшүндө аныкталган санариптик басылма – көнүмүштү адатты колдоочу эң сонун өнүм дегенге үндөшөт, анткени алар саякат убагында же жол жүрүп бара жатканда дагы дайыма жеткиликтүү болот.

Биз Германиядагы электрондук басылмалар рыногун изилдөөнү улунтабыз жана ушул жылдын соңунда отчет жарыялайбыз.

Мэри-Кэтрин Филлипс, Twipe медиа-аналитиги,
What’s New In Publishing, макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор