Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр. Журналисттер эске алчу жагдайлар (“карточка”)

Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр. Журналисттер эске алчу жагдайлар (“карточка”)

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 21-январда “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, эми алыстан иштеген жумушчулардын ишмердүүлүгү өзгөртүүлөрдүн негизинде тескелет.

Эмне себептен эмгек кодексине  толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилүүдө?

Документтин негиздемесинде жаңычылдыктарды мыйзамдын негизинде кабыл алуу убакыттын талабы экендиги айтылат. 

“Учурда эмгек рыногу олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн натыйжасында салттуу жумуштуулуктун көлөмү кыскарууда, бул анын фриланс, өз алдынча иш, аралыкта жумуштар пайда кылды. Ошол эле учурда, COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаал ага аралыкта иштөөнү киргизүү менен эмгек келишиминин актуалдуулугун жогорулатты.

Ушуга байланыштуу жумушчулардын ар түрдүү категорияларынын дистанциялык иштешин тез арада тартипке салуу зарылчылыгы келип чыкты. Өзгөртүүлөр мындай кызматкерлер менен мамилелерди укуктук жактан бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет”, – деп жазылат. 

Анын негизинде аралыктан иштеген адистердин иши мыйзамдаштырылат, укуктары корголот.  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзам жумушчулардын эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.

“Аралыкта жумуш аткарган кызматкерлерге Эмгек кодексинин жалпы ченемдери, эмгек акы, жумуш убактысы жана эс алуусу, өргүү, кепилдиктер жана компенсациялар колдонулат.Ошентип, аралыкта иштеген жана эмгек келишимин түзгөн адамдар эмгек мыйзамдарында каралган бардык социалдык жана эмгек кепилдиктери менен камсыз кылынат. Мыйзам аралыкта жумуш аткарган кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты”, – деди министр. 

Жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жумуш берүүчү менен кызматкерлер өз ара келишим түзүп, милдеттемелерди алып кызматташат.

БАШЫНА

Кандай жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр сунушталып жатат? 

Аталган мыйзам долбоору аралыкта  иштеген кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгектик укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, алыстан иштөөдө жумуш орду көрсөтүлбөйт жана эмгек келишими электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ түрүндө түзүлүшү мүмкүн.

Ал толуктоолор жөнүндө кеңири сөз кылсак, кодекске “Аралыкта иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү” аталышындагы глава кирет. Ал алты беренеден турат. 

Жаңы сунуштар:

Аралыкта иштөөдө эмгек келишимин түзүлөт жана келишимге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип бекитилет;

Эмгек келишимин түзүүдө кызматкердин жеке катышат же электрондук документ алмашуу жолу менен макулдашат;

Иш берүүчү менен аралыкта жумушту аткарган кызматкердин ортосундагы иштөө шарттары эмгек келишими менен аныкталат;

Эмгек келишиминде жумуш сөзсүз аралыкта жумуш деп көрсөтүлүшү керек;

Тараптар аныктаган эмгек келишиминин шарттарын өзгөртсө, кошумча макулдашуулар электрондук документтерди алмашуу жолу менен түзүлүшү мүмкүн;

Эгерде эмгек келишими, тараптар аныктаган эмгек келишиминин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашуу электрондук документтерди алмашуу жолу менен түзүлсө, анда иш берүүчү эмгек келишимин  же макулдашууну  түзүлгөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аралыкта жумушту аткарган кызматкерге белгиленген тартипте таризделген көчүрмөлөрдү кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү;

Эмгек келишиминде аралыкта жумушту аткарган кызматкердин өзүнүн эмгектик милдеттерин аткарууда иш берүүчү берген же сунуш кылган жабдууларды, маалыматташтыруу объекттерин пайдалануу милдети жөнүндө кошумча шарт каралышы мүмкүн;

Аралыкта жумушту аткарган кызматкер өзүнүн жабдууларын, маалыматташтыруу объектилерин жана башка каражаттарды пайдаланса компенсация төлөнөт. Мындай компенсацияны төлөө, ошондой эле аралыкта иштөөгө байланыштуу башка чыгымдардын ордун толтуруу эмгек келишими менен аныкталат;

Аралыкта жумушту аткарган кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ыкмалары жана мезгилдүүлүгү эмгек келишимдин негизинде аныкталат.

БАШЫНА

Жаңы сунуштар кабыл алынса журналисттер эмнелерди эске алуусу керек?

Коопсуз эмгек шарттарын, эмгекти коргоону камсыз кылуу максатында иш берүүчү аралыкта жумушту аткарган  кызматкерди жабдуу, каражаттар менен иштөөдө эмгекти коргоо талаптары менен тааныштырат;

Ошондой эле коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча иш берүүчүнүн башка милдеттери эмгек келишиминде да  каралышы мүмкүн;

Аралыктан иштеген кызматкердин жумуш убактысы, эс алуусу Эмгек кодекси менен тескелет жана ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү жана өргүүлөрдүн башка түрлөрүн аталган кодекс жана башка мыйзам актыларына ылайык эмгек келишими менен аныкталат;

Эгерде жумуш берүүчү менен кызматкер ортосунда эмгек келишими бузула турган болсо, ал процесске буйрук же токтом менен тааныштыруу электрондук документтерди алмашуу жолу менен же кызматкердин жеке катышуусунун негизинде жүргүзүлөт;

Эгерде кызматкер электрондук документтерди алмашуу жолу ал кагаздарды көрсөтүлсө, иш берүүчү эмгек келишими токтотулган күнү аралыкта жумушту аткарган кызматкерге буйруктун тиешелүү түрдө таризделген көчүрмөсүн кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү.

БАШЫНА

Жаңы нормалар журналисттердин ишмердүүлүгүнө кандай таасир этет?

Жаңы өзгөртүүлөр жана толуктоолор алыстан корректор, котормочу, редактор, дизайнер, программист өңдүү адистердин укугун коргоп, алардын ишмердүүлүгүн тескейт. 

“Медиа полиси институту” коомдук уюмунун юристи Акмат Алагушевдин айтымында, иш берүүчү аралыкта иштеген кызматкердин колдонгон жеке техникасы үчүн компенсация төлөп берет. 

“Иш берүүчү кызматкерге байланыштын айрым түрлөрүн жана иштөө ыкмаларын камсыздай алат же сунуштай алат. Эгерде иш берүүчү аралыктагы жумушчуну ылайыктуу жабдуулар  менен камсыз кылбаса, анда кызматкер өзүнүн техникасын, маалыматташтыруу объектилерин жана башка каражаттарды пайдалана алат. Ошол эле учурда Кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кызматкерге өз чыгымдарынын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал аралыктан иштөөнү жүзөгө ашыруу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу. Бардык ушул кошумча шарттар жана төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр эмгек келишиминде аныкталууга тийиш. Түзөтүүлөр долбоорунда компенсация кандай аныкталаары сунушталбагандыктан, анын өлчөмүн тараптар өз алдынча макулдашат деп болжолдоо зарыл”, — деди Алагушев

Ал ошондой эле иш берген тарап үч жумушчу күндүн ичинде кызматкерге документтердин таризделген көчүрмөсүн кагаз жүзүндө берүүгө милдеттүү экенин баса белгилейт. 

“Эгерде кызматкер иш берүүчүнүн ордуна келе албаса, анда электрондук документтерди алмашуу жолу менен келишим же кошумча келишим түзүүгө жол берилет. Ал эми иш берүүчү, эмгек келишими же келишим түзүлгөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кызматкерге документтердин тийиштүү түрдө таризделген көчүрмөсүн кагаз жүзүндө берүүгө милдеттүү”, – дейт Алагушев. 

Эске сала кетсек, КРдин эмгек кодекси 2004-жылы кабыл алынып,  ага ошол кездеги президент Аскар Акаев кол койгон. Андан бери мыйзам 30дан ашык өзгөртүүгө дуушар болгон.

БАШЫНА

Окшош посттор