Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Экстремизмге каршы мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн?

Экстремизмге каршы мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал сөз эркиндигине кандай таасир этиши мүмкүн?

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Өткөн жылдын декабрь айында коомчулукка жарыяланган документте жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу беренелер да бар. 

Биз жалпы жаңы мыйзам боюнча жана ЖМКларга, журналисттерге тиешелүү беренелерди түшүндүрүп беребиз.

Учурдагы “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамда ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү кандай нормалар бар?

“Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам 2005-жылы 17-августта кабыл алынып, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кол койгон. Документ көбүнесе КМШга мүчө мамлекеттердин “Экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө” моделдик мыйзамына, Шанхай кызматташтык уюмунун “Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына” жана башка эл аралык келишимдерге ылайыкташтырылган. Кийин ал бир нече жолу өзгөртүүлөргө туш болгон. 

Анда ЖМКларга тишелүү нормалар эки беренеде каралган. Бири Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратуунун жана алар тарабынан экстремисттик аракеттердин ишке ашырылышынын жол берилбестиги тууралу алдын ала эскертүү” делсе, экинчиси “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды тараткандыгы жана экстремисттик аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги” делет. 

8-беренеге ылайык, эгерде белгилүү бир ЖМК аркылуу экстремисттик материалдар таратылган же алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн фактылар болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусуна, редакцияга Юстиция министрлиги же Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, же Башкы прокурор, же анын тийштүү прокурору андай материалдарды чыгарууга мыйзам тыюу салгандыгы тууралуу эскертүү берет.

Анын негизинде кемчиликтерди редакция он күндүн ичинде жоюшу зарыл. 

Эгерде кемчиликтер жоюлбай же андай фактылар бир жылдын ичинде кайра катталгандыгын ыйгарым укуктуу органдар таап чыкса, ЖМК өз ишин КРдин мыйзамдарына ылайык токтотот.

Ал эми 11-берене боюнча КРде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга жана алардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат. Андай талаптар аткарылыпбай мыйзам бузуу катталса, ЖМК соттун чечими менен ишмердүүлүгү токтотулат.

Ошол эле маалда ЖМКнын экстремисттик материалдарды таратууну улантууга жол бербөө үчүн сот мезгилдүү басылманын белгилүү бир санын, аудио же видео программаларынын жазылган нускаларын сатып өткөрүүнү, теле-радио же видео программаларды чыгарууну токтотот.

Башына

“Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү эмне менен түшүндүрүлүүдө?

“Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы 2021-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жарыяланып, үстүбүздөгү жылдын 28-январына чейин коомдук талкууга коюлган.

Аталган документтин негиздемесинде мыйзам өлкөдө деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалып жаткандыгынан улам жаңыланып жатканын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков билдирген. 

“Азыркы учурда, саясий, экономикалык, криминалдык, өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалууда”, – деп жазылат негиздемеде. 

Ошондой эле ИИМ акыркы учурда маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөр, интернет айдыңы экстремисттик уюмдардын аянтчасына айланганын айтат.

“Интернет” тармагын кошкондо, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар экстремисттик уюмдар үчүн негизги байланыш каражатына айланды. Алар аны өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо, экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн колдонушууда”, – деп жазылат документте.

Андан сырткары, министрлик жаңы нормалар менен мыйзамды иштеп чыгуу учурдун талабы экендигин белгилейт. 

“Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыгуучу, анын ичинде эл аралык маанидеги заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү зарылчылыгы келип чыкты”, – деп кошумчаланат негиздемеде.

Жаңы редакцияны иштеп чыгууда Орусия, Казакстан, Украина, Беларустун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдары, КМШга мүчө мамлекеттердин “Экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө” моделдик мыйзамы, Шанхай кызматташтык уюмунун “Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы” жана башка эл аралык келишимдер эске алынган.

Башына

Кандай жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр сунушталып жатат? 

Жаңы мыйзамда ЖМКларга байланыштуу үч берене каралган. 13-беренеге ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары экстремизмди алдын алууга көмөктөшүп, тиешелүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу сунушталууда. 

14-беренеде болсо, жалпыга маалымдоо каражаттары экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга жол бербөө жазылган. 

Басылма, маалымат сайты, радио же теле экстремисттик материалдарды же экстремисттик ишмердик боюнча маалыматтарды таратса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан эскертме алат. Ал эскертме үч жумушчу күндүн ордунда четтетилиши керек. Учурда иштеп жатканда мыйзамда он күнгө чейинки мөөнөт берилип келгенин эскертебиз.

Ошондой эле ал эскертме маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жөнөтүлөт. Алар ошол кагаздын негизинде сотко кайрыла алат. 

Эгерде белгиленген мөөнөттө ЖМК эскертме боюнча бузууларды жойбосо, тиешелүү чара көрбөсө жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши соттун чечими менен токтотулат.

Ал эми 15-беренеде экстремисттик материалдарды тараткан ЖМКлардын жоопкерчилиги көрсөтүлгөн:

  • Жалпыга маалымдоо каражаттары экстремисттик материалдарды таратканда жана (же) экстремисттик иш-аракеттерди жасаганда тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын доо арызынын негизинде соттун чыгарылган чечими боюнча токтотулат;
  • Экстремисттик материалдарды андан ары жайылтууга жол бербөө максатында сот мезгилдүү басылманын тийиштүү номурларын,аудио же видео жазуулардын тираждарын жайылтууну, же болбосо тиешелүү телерадио, видеопрограмманы же берүүнүн чыгарууну Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан берилген арызды камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү үчүн белгиленген тартипте токтото турат;
  • Соттун чечими экстремисттик материалдарды камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарынын жүгүртүүдөгү сатылбаган бөлүгүн сактоо жайларынан, дүң жана чекене соодадан алып коюга жана аны андан ары жок кылууга негиз болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдардын басма, аудио, аудиовизуалдык жана башка материалдарын, сот тарабынан экстремисттик деп табылган ар кандай маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга, жөнөтүүгө жана жайылтууга тыюу салынат.

Эске сала кетсек, 2006-жылы кабыл алынган “Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамында да журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу беренелер камтылган. Ал дагы өзгөртүүлөр менен 1-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттинде каралды.

Башына

Жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр сөз эркиндигине тоскоолдук жаратпайбы?

Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап ишке кире турчу мыйзамдын 14-беренесинин биринчи бөлүгүндө “Жалпыга маалымдоо каражаттары кылмыштын белгилери жок экстремисттик материалдарды же экстремисттик ишмердик жөнүндө маалыматтарды тараткан учурда, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусуна жана (же) редакциясына (башкы редакторуна) экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоо үчүн шарттарды түзгөн аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө эскертме берилет” деп жазылган. 

Бирок Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын октябрь айында кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошол берененин негизинде экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо менен алектенгендерге эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга каралган. 

Андан сырткары, сунушталып жаткан мыйзамдын 15-беренесинин биринчи бөлүгүндө экстремисттик материалдарды тараткан ЖМКлардын ишин соттун чечими менен токтотулат деп көрсөтүлгөн. 

“Медиа полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыковдун айтымында, бул норма сөз эркиндигине өтө терс таасир тийгизши мүмкүн.

“Бул норма боюнча бир жолу эле андай материалды жарыялап алган ЖМК соттун чечими менен өз ишмердүүлүгүн токтотушу мүмкүн. Мыйзамда белгилүү бир мөөнөттө бир нече жолу экстремисттик материалды жарыялаган деген учурлар бөлүнүп көрсөтүлгөн эмес. Ошонун айынан ЖМКлар жабылып калышы толук ыктымал. Мындай ыкма демократиялык мамлекетте мыйзамдуу чечим катары кабыл алынбайт”, – дейт Н. Сыдыков 

Ал андан сырткары, ЖМК аркылуу экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга жол берилбестиги жазылган 14-берененин биринчи бөлүгүндө экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген эскертмени үч жумушчу күндүн ичинде жоюу кыска өтө убакыт экенин белгилейт.

“Үч күндүк мөөнөт өтө кыска убакыт. Эгер редакция андай учурга кабылып эскертме алса, ЖМК экспертиза, анализден өтүп, сотко даттанышы керек. ошондуктан бул убакытты кайра карап чыгуу зарыл. Антпесе мындай талап сөз эркиндигине, өз оюн эркин айтууга, айрым адамдарга каршы курал болуп калышы ыктымал”, – деди Нурбек Сыдыков. 

Кошумчалай кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча он күндүк мөөнөт каралган.

Башына

Жаңы сунуштар кабыл алынса ЖМКлар эмнелерди эске алуусу зарыл?

Эгер жаңы мыйзам кабыл алынып калса, жалпыга маалымдоо каражаттары сот тарабынан экстремисттик деп табылган маалыматтык материалдарды билиши керек. Ал үчүн тиешелүү мамлекеттик орган экстремисттик деп табылган маалыматтык материалдардын реестрин түзөт. Реестр башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлөт жана аталган органдын расмий сайтында мезгил-мезгили менен жарыялап туруу пландалууда. 

Ал эми ага кирбей калган материалдардын маани-маңызы зарыл болгон учурда текшерилип, соттук экспертизанын корутундусу чыгарылат. 

Эскертүү — ошол экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген маалыматтык материалдар КРдин аймагында таркатууга болбойт. Эгер укук коргоо органы тарыбынан андай материалдар табылса, конфискацияланат, жок кылынат жана андай мүнөздөгү маалыматтарды камтыган интернет-ресурстарга кирүүгө чектөө киргизилет.

Башына

_____________________

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Окшош посттор