Журналисты
Жаңылыктар

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмелерди кабыл алуу узартылды

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAIDдин) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен биргеликте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугунун турмушка ашырылышын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмелерди кабыл алуу узартылды.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын журналисттеринен билдирмелер 29-август саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Билдирмени он-лайн толтуруу формасы бул жерде. Билдирмеге резюмени тиркеп жиберүү керек.

Эскерте кетсек окутуу Ош шаарында 11-12-сентябрда өтөт. Окутуулар кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдарын уюштуруучулар өзүлөрү көтөрөт.

Суроолор болсо 0502 28 18 78, 0550 28 18 99 (Марс Тулегенов), 0777 45 10 83 (Марат Токоев) телефондору аркылуу кайрылыңыздар же journalist.kg@gmail.com дареги боюнча кат жазыңыздар.

 

Окшош посттор

Журналист Канат Каниметовдун туугандарына милиция кызматкерлери барды

Administrator
21.04.2021

Кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү Султан Жумагулов дүйнө салды

Administrator
08.10.2018

Аймактагы маалыматтар элге жеткиликтүүбү?

Administrator
07.12.2020