Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Д.Садиев: «Мен башкаруунун эки принцибин колдойм: ачык-айкындуулук жана күчтүү команда»

Д.Садиев: «Мен башкаруунун эки принцибин колдойм: ачык-айкындуулук жана күчтүү команда»

Кыргыз тилдүү, мультиплатформадагы «TMedia Group» (TMG) телерадиокомпаниясы түзүлгөнүнө аз эле жыл болсо да кесипкөй журналистика жаатындагы улуттук «Умтулуу/Стремление» сыйлыгына, журналисттик иликтөөлөр жана мультимедиалык материалдар боюнча сынактарда байгелүү орундарга ээ болууда. Таиржан Турсуналиев атындагы медиа-мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси Данияр Садиев телерадиокомпаниянын кадр жана каржы маселелеринин чечилиши, редакциялык саясаты ж.б. жөнүндө ой бөлүштү.

Данияр мырза, Таиржан Турсуналиев атындагы медиа-мектеп кантип түптөлгөн, анын максаты эмне эле?

– 2016-жылдары, «Ынтымак Медиасында» иштеп жүргөн учурумда, жаңы медиага акцент кылып, жаңыча иштегенге аракет кылып баштаганбыз. Ушул багыттагы кадрдык жетишпестик билинди. Эски журналисттерди кайрадан даярдоого, тренингдерде окутууга убакыт керек болот экен. Андай тренингдер да дайым эле боло бербейт да. Ошондуктан биз Таиржан Турсуналиев атындагы медиа-мектепти түздүк, жаш журналисттерди даярдап, аларды жумушка тартуу максатында, устакана катары түзүлгөнбүз. (Таиржан Турсуналиев (1961-2014) – аймактык журналистиканы өнүктүрүүгө салым кошкон медиа-устат, ред.)

Медиа-мектеп 2016-жылы юридикалык каттоодон өтүп, башталышында эле бүтүрүүчүлөрдүн эки тобун чыгардык, 15тен 30дай журналистти. Ошентип, Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) каржылык колдоосу менен медиа-мектептин ишин баштаганбыз.

Медиа-мектептин бүтүрүүчүлөрү окуу курсунун аягында өздөрүнүн долбоорлорун сунушташкан, мисалы: бирөө лонгриддер түрмөгүн жасоо, башкасы теле же радио материалдарды даярдоо боюнча. Эң жакшы сунуштардын ишке ашырылышы үчүн акчалай гранттык колдоо берилген.

Андан кийин Ош шаардык мэриясынын Жаштар комитети менен биргеликте өз каржылообуз менен медиа-мектептин дагы бир бүтүрүүчүлөр тобун чыгардык. Бара-бара долбоорлорду даярдап, Прага жарандык борборунун колдоосу менен жаңы медиа боюнча 3 айлык курста дагы 15тей адамды окутуп чыгардык.

Медиа мектепте тренингдердин бири өтүп жаткан учур

Кийинчерээк иштеп жаткан журналисттерди да кайра даярдоодон өткөрүп жаттык. Ток-шоу тартуу, социалдык тармактар менен иштөө, SММ жүргүзүү боюнча түрдүү багыттагы тренингдерди өткөрө баштадык.

Анан «TMG» телекомпаниясы кантип түзүлдү, кайсы багыттарда иштөөдө?

– Медиа-мектептин алкагында бара-бара контент даярдала баштады. Жаштар үчүн ток-шоуларды, түрдүү репортаждарды, интернет-кызматтарды колдонуу боюнча түрдүү мультимедиалык продукцияларды, лонгриддерди даярдай баштадык. Белгилүү контент чогула баштагандан кийин www.t-media.kg маалыматтык сайтын ишке салдык. Түрдүү форматтагы материалдарды даярдап жаттык, видеоформаттарды жасоого, анан 2018-жылдан баштап журналисттик иликтөөлөрдү даярдоого өттүк.

2018-жылы февралда «T-Media Group» деген аталыштагы телерадиокомпанияны ачтык. Мультиплатформадагы медиа болуп калдык: анын түзүмүндө сайт, коомдук баракчалар, телеберүү жана радио. Радиону азырынча убактылуу токтотуп койдук, себеби, көп тармакта үлгүрбөй калып жатабыз, кадрдык жана каржылык жетишпестик да болуп жатат. Ишти бир нукка коюп алгандан кийин эки жылдын ичинде радиону кайрадан ишке салабыз.

Т-Медиа

Жаңылыктар менен катар эле иликтөөлөргө басым жасалып келатат. Дата-журналистикага, фактчекингге көбүрөөк аракет кылып жатабыз. Датанын негизинде көлөмдүү материалдарды сторителлинг/лонгриддерди жасай баштадык. Башында 4 адам менен жумуш баштасак, азыр командабызда 30дан ашуун кызматкер иштеп жатат. Аудиториябыз пайда болду.

Кандай кыйынчылыктар болду, кандай чечүү жолдорун таап жатасыңар?

– Эң башкы маселе – каржылоо жана кадр маселеси. Кадр маселесин медиа-мектептен даярдап чыгарып, идиректүү кыздар-балдарды жумушка алып калып, ошону менен жаап жатабыз. Ал эми каржы маселесинде – көбүрөөк гранттар менен иштедик. Бир жылдан бери маркетинг бөлүмүн жолго коюп, коммерциялык материалдар – жарнама менен киреше таба баштадык. Мурдагыга салыштырмалуу азыр айына жарнама аркылуу 100-150 миң сомдун тегерегинде киреше таба баштадык. Пандемия учурунда жарнама токтоп калып, бир топ татаалыраак болду. Бирок, гранттардын жардамы менен маселени жайгардык. Үйүндө отуруп иштеп жаткан кызматкерлерге да жардам көрсөтүлдү: телеберүүбүздү да, сайтты да, соцтармактарыбызды да токтотпой иштетип жаттык.

Кызматкерлерге атайын редакциялык ички «эрежелер» барбы?

– Биздин телекомпанияда «устат-шакирт» ыкмасы бар. Жаш журналисттерге, стажерлорго тажрыйбалуу адистерибиз устаттык кылышат. Ошол эле журналисттер жаңы медиа форматтар боюнча башка тренингдерге катышууга да ынтызар. Кызматкерлерибиз окутууларга катышып келүүсүнө шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Көп журналисттерибиз өздөрү деле тренерлик кылууга дарамети жетип калды. Ич ара окуулар көп болот: репортаж даярдоо, интернет кызматтарды пайдалануу, иликтөөнүн негиздери боюнча.

Командада эрежелердин бири: «Эгер кызматкер окугусу, жаңы көндүмдөрдү үйрөнгүсү, өскүсү келбесе, ал киши биз менен иштеше албайт». Бардык нерсени толук билген адам болбойт. Улуу жаштагы болобу, дайым өзүнө керектүү жаңы нерселерди өздөштүрүп турушу шарт.

Телеканалдын редакциялык саясаты кандай жүргүзүлөт, элдин ишениминде болууга эмнелер зарыл?

– «Т-Медиа» түзүлөрдө «редакциялык саясат көзкарандысыз саясат болсун» деп так айтылган жана бул документ түрүндө бекитилген. Атайын коомдук медианын кеңешин түзгөнбүз. Ал кеңешме коомдук уюмдардын, жарандык активисттердин катышынан түзүлгөн. Редакциялык саясатты ошолор бекитишкен. О.э. «Т-Медианын» Жобосу бар. Жобо боюнча генералдык директор редакциялык саясатка кийлигише албайт.

1/6

 

Журналисттерибиздин калыс, байтарап материал даярдаганы үчүн коомдо болуп жаткан маселелер жөнүндө көп адамдар биздин телеканалга айтып кайрылышат. Курч, сапаттуу, түрдүү форматтагы материалдар даярдалат. Телевизиондук материал чыкканда анын тексттик варианты сайтка да коюлат, социалдык тармактарда кенен таратылат. Ошонун баары кеңири аудиторияны камтыганга жардам берип жатат десем болот. Теле аркылуу телеаудиторияны, сайт жана коомдук тармактар аркылуу окурмандарды таап, кеңири тараганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Жакынкы келечекке телеканалдын кандай пландары бар?

– Учурдагы дагы бир татаалдык – ишкананын ижарада турушу. Улам башка имаратты ижарага алып, көчүп туруу түйшүктүү, айрыкча чоң компания болуп, көп кызматкер иштегенде. Телекомпаниянын өзүнүн жеке менчик кеңсесин уюштурууну пландап жатабыз. Албетте, насыянын негизинде. Жарнаманын эсебинен төлөп кутулабыз деген ой-максаттабыз. Буюрса, бир-эки айдын ичинде өзүбүздүн жаңы кеңсебизге көчө турган ниетибиз бар.

2017-жылы, жаңыдан жумуш баштаганда, рынокту атайын изилдегенбиз: башка медиалар кандай шартта, кимдин күчтүү жагы кандай, талылуу жери кандай деп. Ошонун негизинде 3 жылдык стратегия иштеп чыкканбыз, ага жараша атайы иш-чаралар пландалган. Ошо стратегия менен баратабыз. Мекеменин туруктуулугу үчүн жеке менчик кеңселүү болууну мурдатан пландаштырганбыз.

Биз жөн эле медиа-мектеп жана телекомпания үчүн гана жай кылбастан, медиа-борор же ко-воркинг сыяктуу жай кылууну ниеттеп жатабыз: блогерлер, жарандык журналисттер, “Пирамида”, “5-канал”, “Азия ТВ”, “Азаттык” ж.б. медиалардын аймактагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да отуруп иштей тургандай. Котормо студияларды, продакшн-борборлорду да бир жайга чогултсак деген оюбуз бар. Ыңгайлуу жай кылып, ко-воркинг уюштурсак, биздин чыгымдардын бир бөлүгү ошонун эсебинен жабылмак.

Пресс-жыйындарды өткөрө турган пресс-борбор, ири, заманбап студия жана тренинг борборун да уюштурсак деген ниетибиз бар. Медиалар бир жайда болсо, басма сөз жыйындарын уюштурууга ишкерлер, бейөкмөт уюмдар, деги эле баары үчүн ыңгайлуулук түзүлмөк. Жакынкы 2021-2022-жылдагы пландарыбыз ошондой.

Сиз эмгектенген жамааттардагы ийгиликтердин бир тобун атаса болот. Иш тажрыйбаңыз жөнүндө да айта кетсеңиз.

– Мен башынан эле жаңы түзүлгөн компаниялар менен көбүрөөк иштедим: Баткенде «Салам» радиосу түзүлүп ишке салынганда, Баткендеги «Медиа борборду» уюштурууда, жаштар борборлорун түзүүдө.

Андан кийин КТРКда алгачкы Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп жүрдүм, 15 кишинин арасында. Регламентин түзүп, алгачкы пайдубалын түптөөдө абдан көп нерселерди үйрөндүм, күчтүү медиа-эксперттерден коомдук берүү боюнча көп билим, тажрыйба алдым. Ошол принциптердин баары кийин «Ынтымак» телекомпаниясын коомдук телеканал катары ишке ашырууда пайдасы тийди.

Коомдук уюмдар менен көбүрөөк иштешем. Коомдук уюмдар мамлекеттик органдарга караганда каерде кандай маселелер, көйгөйлөр бар экенин көбүрөөк билишет. Чечүү жолдорун, жыйынтыктуу сунуштарды беришет, кызыктуу кейстер, проблемалар менен жакындан иштешет.

«Ынтымак Медианы» жетектеп турганда 10дон ашуун кызматкер менен ишти баштап, 100дөн ашуун кызматкер түрдүү багыттар боюнча иштешти. 3 жылдын ичинде Кыргызстанда республикалык каналдардын алдына чыгып, рейтинги көтөрүлгөн.

Мен башкаруунун эки принцибин колдойм: ачык-айкындуулук жана күчтүү команда. «Башкаруучу кандай күчтүү болсо да, команда алсыз болсо, эч нерсеге жетише албайт» деген принципти карманам. Аймактагы алдыңкыларды бир команда кылып, бирге иштегенге тартууга басым кылам.

Азыр “TMG” телекомпаниясы да жакшы институттар менен иштешип жатат. Эки жыл ичинде аймактарда алгачкы болуп “TMG” каналы кесипкөй журналистика жаатындагы улуттук «Умтулуу/Стремление» сыйлыгын алды. Азыр да бул сыйлыкты аймактар боюнча эч ким ала элек. Иликтөөлөр боюнча Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты эки жылдан бери биздин журналисттер алып келатышат. Журналист кыздарыбыздын мультимедиалык материалдары Борбордук Азиядагы байгелүү орундарга ээ болууда. Биздин журналисттер жасаган иликтөөлөрдүн бир тобу көйгөйлөрдүн чечилишине түрткү болуп, мамлекеттик органдар тарабынан реакция кылынып, жылыштар болуп жатат.

Суроо узаткан Гүлзат Газиева

Окшош посттор