Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жалпы

Чындык деп жанган өмүр

Автор: Улан Эгизбаев (журналисттик эмгектеринин топтому)

Басма: “Сорос-Кыргызстан” фонду, “Азаттык Медиа” мекемеси

Чыккан датасы: 2018

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Колуңуздагы китепке журналисттик кесипти Кыргызстанда чыныгы коомдук, элдик кесипке айландыра алган Уланбек Эгизбаевдин эмгектерин топтодук. Анын жазгандарын, программаларын эл күтүп окучу, укчу, интернеттен издеп, таап көрчү. Баардык жасаган эмгектерин, жазган макалаларын, теле, радиоберүүлөрүн киргизсек көп томдук болуп калчудай. Бул жыйнак – Уландын жасаган жалпы журналисттик ишинин чакан гана үзүмү. Жаштарга, студенттерге, журналисттик кесипке кызыккандардын баарына пайдалуу китеп болуп калабы деп, “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргелешип даярдадык.

“Азаттык” радиосунда иштеген туптуура беш жыл ичинде Уланбек Эгизбаев Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, эң аярлуу, чукул жардамга, колдоого муктаж, же тегерегиндеги элден башкача жашаган, кандайдыр ички терең баалуулуктарды аздектеген каармандарды таап, аларды видеого тартып, радио, телеге алып чыгып, баарыбызды таң калтырып келди. Элдин баары сөз кылган, бирок эч ким даап казып чыкпаган коррупциялык иштердин бетин ачып, ондогон иликтөө программаларын даярдады. Кыргыз тилиндеги журналисттик иликтөөнүн деңгээлин көтөрдү. Жалпы эле Кыргызстандагы эр жүрөк, чынчыл журналистиканын символуна айланды.

Окшош посттор