Журналисты
Жаңылыктар

БШК шайлоого карата 253 жалпыга маалымдоо каражатын каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-июлда шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга арыз берген 3 телекомпания, 3 радиостанция, 43 басылма жана 9 интернет-басылманы каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, эки кайрылуу боюнча каттоодон баш тартылган.

Бүгүнкү жыйында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев каттоодон кечиккен жалпыга маалымдоо каражаттарына аккредитациядан өтүүгө уруксат берүүнү сунуштады. Ал үгүт өнөктүгү 15-сентябрда башталарын эске салды. Бул сунушту БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова колдоого алып, маселени жекече тартипте карап көрүү сунушун айтты.

http://maralfm.kg/archives/234672

Окшош посттор

Конкурс электронных СМИ стран Евразии в Москве и Пекине

Administrator
29.05.2012

Уважаемые коллеги, поздравляем Вас с профессиональным праздником!

Administrator
06.11.2012

Баткен: Чек арада маалымат алуу оорлоду

Administrator
15.05.2020