Журналисты
Жаңылыктар

БШК президенттик шайлоого карата 137 ЖМКны каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга арыз берген 137 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-сайттарын каттады. Мындай чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды.

Комиссия билдиргендей, катталгандардын ичинде 41 телеканал, 22 радио, 44 басма жана 30 интернет басылмалары бар. Жалпы 254 ЖМКдан арыз түшкөн, алардын 58и арыздарын бүгүн, 6-июлда тапшырган.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары 4-июлга чейин кайрылуу бериши керек болчу.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жалпыга маалымат каражаттары үгүт иштерине катыша албайт, бирок маалыматтарды чагылдыра алышат. Бул үчүн алар дагы каттоодон өтүүгө милдеттүү. Бирок катталуу үчүн убакыт чектелбейт.

Окшош посттор

Стипендии для фотографов, освещающих темы всемирного здравоохранения

admin
02.09.2013

Уважаемые коллеги, поздравляем Вас с профессиональным праздником!

admin
06.11.2012

Павел Селин: Журналисттик иликтөөнү уят жана абийирден башка эч нерсе токтотпошу керек

admin
02.04.2015