Журналисты
Жаңылыктар

Алгылыктуу иштерди жасаган айымдардын жагымдуу образын жаратуу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурулат

Эл аралык мамилелер үчүн Улуттук демократиялык институтунун (NDI) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси алгылыктуу иштерди жасаган айымдардын жагымдуу образын жаратуу боюнча кыргыз тилдүү журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурат.

Окутуулар Бишкек шаарында 24-25-октябрда жана Ош шаарында 29-30-октябрда өтөт. Окутуулар кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Бул окутууга катышкысы келгендер

18.10.2019-ж. саат 17:00гө чейин

электрондук билдирмени он-лайн толтуруп, ага резюмени тиркеп жибериши керек.

Билдирмени он-лайн толтуруу формасы бул жерде.

Жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдарын уюштуруучулар өзүлөрү көтөрөт.

Суроолор болсо 0502 28 18 78, 0550 28 18 99 (Марс Тулегенов), 0777 45 10 83 (Марат Токоев) телефондору аркылуу кайрылыңыздар же journalist.kg@gmail.com дареги боюнча кат жазыңыздар.

Окшош посттор

Открыт конкурс Rockefeller Innovation Challenge

Administrator
11.03.2013

Азиатско-Тихоокеанское экономическое сотрудничество объявляет конкурс для фотожурналистов

Administrator
17.07.2012

Кылычбек Султанов, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы: «Бийликке эмес, эл үчүн иштеп жеңишке жетчү мезгил келди »

Administrator
21.05.2012