Журналисты
Жаңылыктар

Акыйкатчы “Сентябрь” каналы боюнча тынчсыздануусун билдирди

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Сентябрь” телеканалын жабуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди. Омбудсмендин басма сөз кызматы 28-августта тараткан билдирүүгө ылайык, каналдын ишмердигин токтотуу туура эмес болгону көрсөтүлгөн.

Сот каналдын жабылышы “экстремисттик ишмердикке байланыштуу” деп чечим чыгарышы ашыкча айыптоо болуп саналары айтылат бул билдирүүдө.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта “Сентябрь” телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Каналдын жамааты мындан ары “Жалбырак ТВ” деген аталышта ишмердигин улантышарына 28-августта жарыялашты.

https://www.azattyk.org/a/28700896.html

Окшош посттор

Открыт фотоконкурс “Путешествие всей жизни”

admin
02.11.2012

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн Ош шаарындагы эки күндүк окутууга билдирмелерди кабыл алуу узартылды

admin
13.08.2019

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд “2014-жылдын мыкты журналисти” наамына сынак жарыялайт

admin
29.06.2014