Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Абалың кандай, балдар басылмалары?

Абалың кандай, балдар басылмалары?

Биздин балалыктын басылмалары – “Кыргызстан пионери”, “Жаш ленинчи”, “Байчечекей”

Балдар басылмалары дегенде, улуу муундагылардын эсине “Кыргызстан пионери” гезити, “Жаш ленинчи”, “Байчечекей” журналдары элестейт. Бүгүн эсил кайран СССР да жок, “Кыргызстан пионери” – “Жеткинчек”, “Жаш ленинчи” – “Кырчын” аталат. Мындан доор алмашса да “Байчечекей” аталышы алмашкан жок.

Убагында миңдеген окурмандарды күтүп, жаш окурмандардын сүймөнчүгүнө айланып, жаш журналисттердин ондогон муунун өстүрүп чыгарган аталган басылмалар азыр деле жарыкка чыгып, өз чыйырын улантууда. Мурда жумасына бир жолу чыгып, ар бир үйгө чейин барган “Жеткинчек” (“Кыргызстан пионери”) гезитинин азыр жумасына чыкпай, мезгилдүүлүгү сейректеп калды, нускасы да мурдагыдай эмес. “Жеткинчек” — журналисттердин башаты” экенин белгилеген, “Жеткинчек” гезитинин башкы редактору Сатыбалды Бакенов “Жеткинчекти” жоготпой чыгарып, балдарга руханий азык бололу деп аракет кылып жатабыз. Гезит бетине Ч.Айтматовдун чыгармаларынан баштап, кичинекей окуучулардын жазгандарын да жарыялап, мурунку салтыбызды улоодобуз. Эми гезит экзотикага айланып калгычакты чыгарабыз го деп турам”, – деп айтканы бар. Демек, буюрса гезит токтобой чыгып, жаш досторун жоготпойт деген үмүт бар.

“Кырчын” (“Жаш ленинчи”) журналы мурда айына бир чыкчу, азыр кварталына бир чыгат. “Кырчын” журналынын башкы редактору Тынчтыкбек Нурманбетов:

«Улуттук адабиятыбыздын негиздөөчүлөрү: А.Токомбаев, Т.Үмөталиев, Т.Сыдыкбеков, А.Токтомушев, К.Маликов, К.Каимов, С.Өмүрбаев сыяктуу авторлор балдарга арналган чыгармаларын дал ушул “Кырчын” журналында жарыялап турушканы маалым. Кыргыз адабиятында аттын кашкасындай таанымал акын-жазуучуларыбыздын көпчүлүгү чыгармачылык тушоолорун “Кырчын” журналынан кескенине сыймыктанышып, чыгармачылык байланышын азыр да үзбөй келатышат.

Журналга өспүрүмдөрдүн жазган ыры, аңгемеси, дилбаяны өздөрүнүн сүрөтү менен кошо берилет. Анткени бул, биринчиден, чыгармачылыкка кызыктырса, экинчиден, алардын жөндөм-шыгын өстүрөт. Үчүнчүдөн, журналдын окумдуулугун арттырат. Журналдын чакан эмгек жамааты ар бир сандын мазмунуна, жасалгаланышына өзгөчө көңүл буруп, эң башкысы окурманга жеткирүүгө аракет кылат», – деп интервью бергени бар.

“Жеткинчек” менен “Кырчынга” салыштырмалуу “Байчечекей” журналы мезгилдүүлүгүн үзгүлтүккө учураткан эмес. Журналдын бөлүм редактору Нургазы Ахмедулиндин айтымында, мектеп окуучулары салт боюнча “Байчечекей” журналына жазылып окушат, андыктан журнал да айына бир жолу үзгүлтүксүз чыгат. Журналдын нускасы союз мезгилине салыштырмалуу азайса да, өткөн жылга чейин 10 миң нускадан кемибей келген.

“Коронавирус пандемиясынын таасири бизге да тийди. Мектептер жабылып, окуучулар онлайн окуу системасына өтүшү менен, байланыш үзүлдү. Ошондон улам, окуучулар журналга жазылбай калабы деди элек. Быйылкы жылга нускабыз 6 миңдин тегерегинде болуптур. Буюрса, мектептер ачыла баштады, журналдын нускасы да мурдагы калыбына келет деп ойлойбуз”, – дейт Н.Ахмедулин.

Басылмалардын башкы редакторлору айткандай, “Жеткинчек” (“Кыргызстан пионери”) гезити жана “Кырчын” (“Жаш ленинчи”) журналынын “шинелинен” кыргыз журналисттеринин далай мууну өсүп чыккан. Алардын бир мууну жергиликтүү басылмаларда иштесе, айрымдары “Азаттык”, “Би-би-сиде” эл аралык журналистикада өзүн көрсөтүп жатат. Аталган гезит-журнал менен активдүү кызматташкандардын арасында илимге кеткендери бар, өз өмүр жолун педагогика менен байланыштыргандар да, мамлекеттик кызматта иштегендер да жок эмес. Кыргыз журналистикасында өзүнүн мектебин түзүп кеткен Мелис Эшимканов да “Жеткинчек” (“Кыргызстан пионери”) гезити жана “Кырчын” (“Жаш ленинчи”) журналынын мектебинен өткөн. Бүгүн аталган басылмалар жаш журналисттердин жаңы муунун өстүрүүдө мурдагыдай эле таасирдүү деп айтуу кыйын. Нускасы азайып, мезгилдүүлүгү да баштагыдай болбогон соң, байланыш да жылдан жылга үзүлүп баратканы түшүнүктүү.

 

Маалымат департаменти эмне дейт?

Учурда “Жеткинчек” (“Кыргызстан пионери”) гезити жана “Кырчын” (“Жаш ленинчи”), “Байчечекей” журналдары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин “карамагында”. Муну мамлекет балдар басылмаларынын балдар турмушундагы ордуна кайдыгер эместиги менен түшүндүрсө болот.

Аталган министрликтин маалымат департаментинин башчысынын орун басары Бектур Ибрагимовдун айтымында “Жеткинчек” гезити жана “Кырчын” , “Байчечекей” журналдары чыгаруу үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт.

“Бул өтө деле чоң сумма эмес. Каражат басылмаларда иштеген кызматкерлердин айлык акысына жана бир азыраак басылмаларды басмаканадан чыгарууга берилет. Мамлекеттик маалымат каражаттарын реформалоонун алкагында балдар басылмаларын да реформалайлы дегенбиз. Ал реформалоонун экинчи этабында ишке ашмак. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемия болгонуна байланыштуу бул иштер ишке ашпай калды. Буюрса, ал ишти быйыл ишке ашыралы деп турабыз. Кандайча реформалайбыз, аны айта албайбыз, үчөө өз алдынча болуп, бир басмага бириктирилиши мүмкүн. Мындан тышкары, басылмалардын штаттарын да карайбыз”, – дейт Б.Ибрагимов.

Мындан 5-6 жыл мурда да “Жеткинчек” гезити жана “Кырчын”, “Байчечекей” журналдарын бир басма үйүнүн алдында бириктирип, бирок ар бирин өз алдынча басылма катары калтырып, басылмалардын нускасын көбөйтүү жана мезгилдүүлүгүн союз убагындай деңгээлде алып чыгуу керектиги, буга жаш муундун муктаждыгы бар экендиги, мезгил да ошону талап кылганы тууралуу сөз болуп, ошол сөз ошол бойдон кала берген.

 

“Айданек”, “Кулунчак”, “Классташ”, “Баластан”…

Балдар басылмаларына муктаждык жок, зарыл эмес деп так кесер айтууга болбойт. Мамлекеттик макамы бар балдар басылмалары өз арабасын өзү тартып, айрымдары анда-санда чыгып жаткан тапта, жеке менчик балдар басылмалары ачылып, ооматы жүрдү. Оболу өкмөттүк “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” гезиттеринде жаш окурмандардын өтүнүчү менен балдарга арналган “Балапан”, “Балакай” атайын беттери чыгып, анда мектеп окуучуларынын тырмак алды макалаларын, ырлары жарык көрүп турду. Бирок, ал атайын беттер өз алдынча басылмалардын деңгээлине көтөрүлө алган жок. Адеп өз беттеринде балдар үчүн “Кулунчак” атайын бет уюштуруп, жүрө-жүрө аны балдар журналына айланткан саамалыкты Кыргызстанда чыгуучу эл аралык “Замандаш” гезити баштаган. Арийне, бул убакта орус жана кыргыз тилдеринде чыгуучу республикалык “Айданек” гезити, “Классташ” аймактык басылмасы чыгып калган. “Кулунчак” алгач жолу 16 бет 50 миң нуска менен чыккан болчу. Бул ошол мезгилдин масштабынан алсак, эң жогорку көрсөткүч болду. “Айданек” да көп жылдар нускалуу гезиттердин биринен болуп, бат эле балдардын сүймөнчүгүнө айлана алган.

 

“Айданек” жана мезгил

“Айданектин” балдар гезити болуп калыптанып, мектеп окуучуларынын сүйүктүү гезитине, жаш кыргызстандыктардын маалымат аянтчасына айланышында анын негиздөөчүсү, айтылуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын эмгеги талашсыз. Гезит 1997-жылдын 26-декабрынан бери чыгат. Чейрек кылымга жакын убакыттын аралыгында, “Айданектин” “шинелинен” жүздөгөн журналисттер өсүп чыкты. Алардын арасында гезиттин редакторлору, алып баруучулар, шоу-бизнестин жылдыздары, сүрөтчүлөр, саясатчылар, башкаруучулар, бизнесмендер чыгышкан.

“Айданек” өсүп келаткан муундун билимин өстүрүп, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга жана тил таанууну илгерилетүүгө өз салымын кошууда. Айрым элет жерлеринде “Айданек” жетишпеген окуу китептерин алмаштырып, окуучулар арасында орус тил жана кыргыз тили сабактарында пайдаланылып келатканы белгилүү.

“Айданек” 2002-жылы Кыргызстандын президентинин “Алтын калем” сыйлыгына татыса, 2004-жылы балдар ЖМКларынын эл аралык фестивалынын лауреаты болгон. Ошол эле жылы “Золотое кольцо Евразии” конкурсунун “Серебряное стремя” сыйлыгын алган. Балдар басылмасынын бул өңдүү сыйлыктарынын тизмеси узун. Басылма биздин республикада гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да өз досторун таап, эл аралык кадыр-баркка ээ болгон.

Эл аралык аброй “Айданекке” өзүнөн өзү эле келген жок. 2000-жылдарда “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте өлкө боюнча “Письмо Деду Морозу” жана “Аяз Атага кат” конкурсун уюштуруп, ал гезиттин жаш достору тарабынан кеңири колдоого алынды. “Письмо Деду Морозу” жана “Аяз Атага кат” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн эң мыкты каттары “Айданек” гезитинин беттеринде жарыяланды. гезиттин уюштуруучусу Токтоайым Үмөталиеванын айтымында, конкурстун максаты балдардын жан дүйнөсүн ачуу болгон.

Убагында балдар гезити 10 миң нускадан кемибей чыгып турган. 1997-жылдан 2005-жылга чейин, эң көп нускада жарык көргөн балдар гезити болгон. Анан 2005-жылдан кийин Билим берүү министри болуп дайындалгандардын бири гезитти чыгарууга тыюу салган токтом чыгарат. Гезит тыюу салууга карабай, чыгып турган. Бирок, министрдин тыюу салуусу балдар гезитинин нускасына таасирин тийгизип, нускасы кескин азайып, 10 миңден 3 миңге түшкөн.

“Бийлик менин укук коргоочулук ишмердигиме кысым жасай баштаганда эле, мектептердеги бизге жардам берген адамдарга да тыюу салына баштачу. 2010-жылдан кайра калыптанып, 5 миң нуска менен чыга баштадык. Анан мен Ала-Бука, Чаткал, Чандалаштагы жаратылышты талкалаган компаниялардын маселесин көтөрүп чыга баштаганда, бизди кысымга алып, биз менен иштеген 23 мектеп директорун, шаардык департамент башчысын куугунтуктап отуруп, 2019-жылдын экинчи жарымында, 5 ай гезит иштебей туруп калды. 2020-жылы кайра иштей баштадык. Бирок мектептер иштебегенден кийин, соцтармак аркылуу жайылтуу иштерин баштадык. Жарым жыл бир топ текшерүүдөн өттүк. “Айданек” товардык белгисин каттоодон өткөрдүк. Азыркы күндө офисти оңдоодон өткөрүп, ишти жаңы барактан баштайлы деген убагыбыз”, – дейт Т. Үмөталиева.

Учурда “Айданектин” өзүнүн сайты бар, мындан тышкары Фейсбук, Инстаграм социалдык түйүндө өз баракчалары, Ютубда өз каналына жеткиликтүү кирүү үчүн СММчилерди жана архивдерди топтоп киргизгенге каражат издеп, өнөктөштөрдү издеп жатат. Жаш достору менен тыгыз байланышты үзүшкөн жок.

 

Миң жаша, “Баластан”

“Баластан” балдар журналы 2013-жылы негизделген. Кичинекей балдар үчүн кыргыз тилиндеги маалымат булагынын аздыгынан улам кыргызча чыгаруу чечилген. Журналды түзүү идеясы Жаныбек Абидетегинге таандык. Басма ээси – «Баластан» балдар журналы» ЖЧКсы. Урааны – «Баластан – миллион баланын дүйнөсү». Алгач эксперимент катарынде балдар үчүн «Баластан-1», «Баластан-2», «Баластан-3» китепчелери пайда болгон. 2014 -жылы эки айда бир чыккан журнал болуп, 2015-жылдан тарта ай сайын чыга баштаган.

Журналдын тарыхында бурулуш 2016-жылы болуп, “Баластан” интерактив” журналы деген жаңы макам алган жана “BalastanTV” YouTube каналы жана смартфон менен планшетке жүктөлүүчү тиркеме иштелип чыккан. “Баластан” – бала бакча жана башталгыч класс курагындагы (5-12 жаш) балдарга арналган, өңдүү, адабий-көркөм, интерактив журнал.

Тиркеме төрткө бөлүнөт: Кыргызча алфавит, кыргыз эл жомоктору, сүрөт менен сөздүк жана “Баластан” журналынын электрондук варианты. Тиркеме замандын талабы менен балдарды окууга тартуу жана кызыктуу маалымат тартуу максатында иштелип чыккан.

“Баластан” журналы 2016-жылдары “Вефа” соода борборунда билим берүү лагерин уюштуруп, анын тарбиялануучулары логикалык оюндарды ойноп, менталдык арифметиканы үйрөнүшчү. Кийинчирээк Ысык-Көлдө болгон 5 күндүк, 2 агымдан турган лагер уюштурула баштаган. Алгач ар бир агымда 8 бала катышса, 2018 – жылы “Нур Академиясы” менен биргеликте өткөрүлгөн лагерде 50дөн ашуун бала катышкан.

“Баластан” журналы 2015-жылы 1-6-класска чейинки балдар арасында “Менин кесибим-менин келечегим”, 2017- жылы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Мен адептүү окуучумун” таймашын өткөрсө, 2015-жылдан тарта 1-июнь балдар күнүнө карата жалпы республика боюнча дилбаян жана сүрөт тартуу таймашын өткөрүп келет. 2017- жылы биринчи болуп кыргыз тилиндеги “Апендинин жоруктары” комиксин чыгарган. Бир учурда “Боёмо” жана “Илбирс” китептерин чыгарышты. Айтор, жаш досторду өзүнө тартып, эки тараптуу байланыштарды түзүү максатында ишмердиктери ар кыл.

“Баластанды” түзүүнүн демилгечиси Жаныбек Абидетегиндин айтымында “Баластан” интерактив журналынын башка журналдардан айырмасы – анын сапаттуулугунда. Журналдын дээрлик 80% макалалары аудио, видео форматында интерактивдүү болуп даярдалат. Интерактив форматы балдар менен диалог түзүүгө ыңгайлуу. Журнал жаш достору менен кызматташууга даяр экенин билдирет. Балдарга жана мугалимдерге өз макаласын жарыялоого 1 бет бөлүнүп берилген.

 

Балдар басылмаларынын эртеңи барбы?

Албетте, бар. Акыркы жылдарда балдар басылмалары гезит-журналдык вариантта да чыгуусун улантып, ошол эле учурда электрондук форматта өтө баштаганы жакшы жышаана десек болот. Ошентсе да, балдар басылмалары жеке тараптардан, эл аралык уюмдардан өнөктөштөргө муктаж экени байкалат. Өз кезегинде мамлекет да балдар басылмаларына алардын юридикалык макамына карабай, колдоого алса дурус эле болмок. Эң башкысы, бийлик органдары “Айданекке” бут тоскондой бут тоспосо эле, балдар басылмалары келечек муун алдындагы өз озуйпасын аткара берет деген ойдобуз.

Болотбек Таштаналиев

Окшош посттор