Журналисты
Жаңылыктар

5-ноябрда Кыргызстандын мыкты журналисттерине “Акыл Тирек” наамын ыйгаруу салтанаты өтөт

5-ноябрда 7-ноябрь ЖМК күнүнө карата Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте, ОАО “Росинбанктын” колдоосу менен бардык массалык маалымат каражаттарынын ар кандай тармактарынан элге эмгеги сиңген журналисттерге “Акыл Тирек” наамын ыйгаруу аземин өткөрөт.

Ар-кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоо демилгесин Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, тактап айтканда Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков көтөрүп чыккан.

Фонд жана КТРК элге эмгеги сиңген журналисттерди өздөрү сунуштоосун талап кылды. Талапкерлерге белгилүү критерийлер коюлду жана эмгектери аналитикалык көз карашты ташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Ар бир жамаат сунуш кылган талапкерлердин аттары протоколдун негизинде бекитилип, Фонддун электрондук дарегине (fpi.kg@mail.ru) 2013-жылдын 14-октябрына чейин жөнөтүштү.  Мындан сырткары социалдык түйүн жана Фонддун сайтында www.fpi.kg «Элдик пикир» платформасында ар бир жаран өзү мыкты деп билген кабарчы-журналисттери тууралуу билдирме беришти.

Номинанттар «Акыл Тирек» статуэткалары жана дипломдор менен бирге баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Аземдин башкы өнөктөшү – ОАО “Российский Инвестиционный Банк.

Азем 5-ноябрда саат 11:00дө “Космопарк” борборунда өтөт.

Кошумча маалыматты www.fpi.kg  сайтынан же төмөндөгү телефондор боюнча ала аласыздар:
тел.: (0312) 69 06 67 /(702)177424 – Тынабекова Айзада, (0312) 69 05 46 – Болокбаева Нуруйля.

Окшош посттор

Стипендии для фотографов, освещающих темы всемирного здравоохранения

admin
02.09.2013

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жаңы шайланган Байкоочу кеңешинин курамы

admin
24.04.2012

Бишкек шаарындагы НБТ каналына практика өтүүнү каалагандар чакырылат

admin
01.06.2012