Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер» коомдук бирикмеси “Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүн” белгилейт

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жыл сайын 8-сентябрда белгиленчү Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүнө карата атайын иш-чара өткөрөт.  Иш-чара 7-сентябрда, “Журналисттер аллеясында”  уюштурулуп, ар кандай кызыктуу оюндар, ЖМКнын, медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топтук мелдештер өткөрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндөгү конкурстарда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга баалуу белектер ыйгарылмакчы.

Программанын соңунда катышуучулар жана меймандар үчүн ачык асман алдында чай тыным уюштурулат.

Иш чара 7-сентябрда, “Журналисттер аллеясында”  (Айни менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде), саат 10.30да  башталып, ЖМКларда, медиа уюмдарда, басма сөз кызматтарда эмгектенген баардык каалоочуларга эшик ачык.

Байланыш телефону (0312) 299452, 0555820081.

Окшош посттор

Мониторинг СМИ за 09.2006 г.

admin
04.09.2006

Долбоорлорду жазганды үйрөнөбүз

admin
05.06.2012

Чыр-чатакты өтө кылдат чагылдыруу керек

admin
30.05.2012