Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Мониторинг

2021-жылдын май боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын май боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

2021-жылдын майында 8 маалымат катталган. 2 билдирүү бул айлардагы саясий кырдаалга байланыштуу ЖМКлардын абалын көргөзөт, 3 билдирүү журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушу тууралуу кабардар кылат, ал эми 3 билдирүү журналисттерге жана ЖМКларга кол салуу жана аларды коркутуу, кылмыш ишинде айыптоо тууралуу маалымат берет.

 

I. ЖМКлар МЕНЕН ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН АБАЛЫН АНЫКТАГАН ӨЛКӨДӨГҮ САЯСИЙ, СОЦИАЛДЫК, АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА УКУКТУК КЫРДААЛДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

03.05.2021

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Кыргызстандын медиакоомчулугунун билдирүүсү

Биз, Кыргызстандын медиакоомчулугу, Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата ар жылдык билдирүүбүздө өлкөбүздөгү сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигин коргоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бургубуз келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери социалдык тармактарда болуп көрбөгөндөй коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болууда. Булар 2019-жылы эле башталган, анда Кыргызстанда бир катар олуттуу журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде бажы аркылуу жогорку деңгээлдеги коррупция жана уурдоо схемалары аныкталган. OpenDemocracy басылмасы жазгандай, өлкөдө көптөгөн тролл-фабрикалары уюштурулган.

Биз бул тролл-фабрикалардын маалыматтык кампанияларынын максаты – мамлекеттик эмес ЖМК журналисттерин жана алардын иликтөөлөрүн жаманатты кылуу деп эсептейбиз. Бул нерсе социалдык тармактардагы акы төлөнүүчү постторду массалык түрдө таратуу аркылуу, бир жагынан, журналисттердин оозун жабуу үчүн, экинчи жагынан, жарандарды жана шайлоочуларды манипуляциялап, таасир этүү максатында жүргүзүлөт.

Ошентип, 2020-жылдын октябрь айында, парламенттик шайлоодон жана бийлик алмашкандан кийин, мамлекеттик эмес ЖМК журналисттерине чабуулдар онлайн коркутуулар менен гана чектелбей, физикалык зомбулуктар жана кол салуулар да болду.

2020-жылдын ноябрь – январь айларында журналисттерге каршы онлайн чабуулдар улантылды. Буга мамлекеттик эмес ЖМК журналисттери Конституциянын жаңы редакциясы алып келе турган олуттуу кыйынчылыктар жана тобокелдиктер жөнүндө суроолорду беришкени себеп болду. Журналисттер Конституцияны өзгөртүү процессине байланыштуу жол-жоболук мыйзам бузуулар жөнүндө коомчулукка маалымдашты.

Жогорку даражалуу коомдук саясатчылар өз тарапкерлеринин журналисттерге кол салууларын айыпташпайт. Анан да, алар өздөрүнүн конституциялык укугун мыйзамдуу пайдаланган, өз оюн ачык билдирген журналисттерге жана башка жарандарга карата ачакей  билдирүүлөрдү айтууга жол беришет.

Мамлекеттик маалымат каражаттарында өлкөдө болуп жаткан окуяларды үгүттөө жана бир тараптуу чагылдырууну колдонуу  менен, тилекке каршы, альтернативдүү пикирлерди куугунтуктоо уланып жатат.

Катуу кысымга карабастан көз карандысыз журналисттер күн сайын өлкөбүздүн жарандарына маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышууда. Бул айрыкча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында куралдуу кагылышуу болгон ушул күндөрү өзгөчө мааниге ээ болду. Мамлекеттик эмес ЖМК журналисттеринин материалдары жана аларды чет тилдерде өз убагында жайылтуунун натыйжасында, Кыргызстандын ичинде гана эмес, анын чегинен тышкары биздин мамлекетте болуп жаткан окуялар жөнүндө ишенимдүү маалыматка жеткиликтүүлүк камсыздалууда.

Окуя болгон жердеги бардык журналисттер жана кабарчылар кыйынчылыктарга жана тобокелдиктерге карабастан өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруу менен чыр-чатакты басаңдатууда жана кырдаалды жөнгө салууда өздөрүн адам укуктарынын жигердүү коргоочусу жана медиатору катары көрсөтүшүп, өз убагында ишенимдүү жана тең салмактуу маалымат таратышты.

Чек арадагы абал назик жана туруксуз бойдон калууда. Ушуга байланыштуу биз бийликке дагы бир жолу эскерткибиз келет: мамлекеттин чечимдерин коомчулук ынанып  жана кабыл алышы үчүн бийлик ачык-айкын жана отчеттуу болушу керек. Журналисттер өз кезегинде өлкөдө болуп жаткан окуялар жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматтарды жеткирип турушу үчүн мамлекет ЖМКга маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек.

 

21.05.2021

Мамлекет коронавирусту уу коргошун менен дарылоону көрсөтүүнү жарнама деп тааныган жок

Кыргыз Республикасынын Кажы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги «Ала-Тоо 24» каналы «Жунгар аконити» деп аталган уу коргошун уулуу өсүмдүгүн иш жүзүндө дары катары жарнама кылды деген жаңылык берүүсү жөнүндө «Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондунун арызын карады.

Мамлекеттик кызматкерлердин маалыматы боюнча, уу коргошун уулуу өсүмдүгүнүн тундурмасы азыркы учурда товар катары рынокто эркин сатылбайт. Ошондой эле, репортаж «жарнак» рубрикасына жайгаштырылган эмес жана ага «жарнама укугунда» деген белги коюлган эмес, демек ал репортаж жарнак болуп саналбайт жана КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын ченемдерин бузбайт.

КР «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын максаттарынын бири, керектөөчүлөрдү адашууга же ден соолугуна зыян келтирүүсүнө алып келе турган ылайыксыз жарнамага тыюу салуу экени боюнча укук коргоочулардын жүйөсү кабыл алынган жок.

Айта кетсек, КР «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен таратылуучу маалымат – жарнамалык маалымат болуп саналат.

Активисттерге, эгерде эфирде көрсөтүлгөн тундурма эркин сатууга чыгарылса гана ошол сюжет жарнама болуп саналаарын билдиришкен.

Агенттиктин өкүлдөрүнүн пикиринде, КР саламаттыкты сактоо министри же КР Президенти социалдык жарнакты жайгаштыруу боюнча билдирме бериш керек болчу, ошондо гана репортаж жарнама катары таанылмак.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

II. ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖМКлардын ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫН УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛУШУ

ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын укуктук абалын аныктаган мыйзам долбоорлор же мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү

31.05.2021

Обращение по поводу создания согласительной группы по закону КР «О манипулировании информацией»

Кому: Жогорку Кенеш Кыргызской Республики

31 мая 2021 года

28 мая 2021 года на сайте www.kenesh.kg была размещена Повестка дня заседания Комитета по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению Жогорку Кенеша Кыргызской Республики (далее – Повестка дня) на 31 мая 2021 года.

Первым пунктом повестки планируется рассмотреть вопрос образования согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О манипулировании информацией», возвращенного с возражением Президента Кыргызской Республики (вх. №6-12813/20 от 3 августа 2020 года).

Однако, со времени направления возражения Президентом КР прошло 10 месяцев, что значительно превышает сроки, предусмотренные Законом КР «О Регламенте ЖК КР». В части 1 статьи 62 Закона КР «О Регламенте ЖК КР» говорится, что Торага не позднее 2 рабочих дней со дня получения закона с возражениями Президента направляет возражение в ответственный комитет, фракциям, экспертной службе. После чего, в соответствии с частью 2 статьи 62 данного закона, в срок не более 10 рабочих дней ответственный комитет (в нашем случае это Комитет ЖК по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению) должен принять решение по дальнейшей судьбе законопроекта. Таким образом, все сроки, предусмотренные Законом КР «О Регламенте ЖК КР» пропущены более чем на 8 месяцев.

Кроме того, в январе 2021 года Президентом Кыргызской Республики был избран С. Жапаров. Одним из первых его решений был указ «О проведении инвентаризации законодательства Кыргызской Республики» от 8 февраля 2021 года. В рамках мероприятий по реализации данного указа ведется работа по масштабной инвентаризации законодательства Кыргызской Республики, в том числе и в области свободы слова и доступа к информации.

В целях реализации Указа Президента КР от 17 декабря 2020 года №64, Распоряжением Премьер-министра КР У.А. Марипова от 17 марта 2021 года была образована межведомственная рабочая группа по разработке проекта Цифрового кодекса Кыргызской Республики. Планируется, что Цифровой кодекс будет включать в себя достаточно широкую сферу нормативного регулирования, в том числе и по сфере регулирования предусмотренной проектом Закона КР «О манипулировании информацией».

В настоящее время также ведется масштабная работа по разработке проекта Концепции информационной политики Кыргызской Республики, которая предусматривает введение ряда изменений и в соответствующее законодательство Кыргызской Республики.

В свое время данный законопроект был крайне негативно воспринят обществом Кыргызской Республики и получил отрицательные отзывы со стороны международного сообщества, так как законопроект имеет большое количество непроработанных механизмов реализации, а также серьезные риски по его злоупотреблению при право применении, которые несут значительные угрозы для свободы слова в Кыргызской Республике.

В связи с тем, что за эти 8 месяцев в Кыргызской Республике произошли значительные изменения во всех сферах деятельности, считаем, что рассмотрение вопроса о создании согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О манипулировании информацией», возвращенного с возражением бывшего Президента КР – С. Жеенбекова является нецелесообразным и не отвечает требованиям нынешнего времени и рекомендуем Комитету по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению Жогорку Кенеша Кыргызской Республики снять с повестки дня вопрос образования согласительной группы для выработки согласованного варианта Закона Кыргызской Республики «О манипулировании информацией».

ОФ «Правовая Клиника «Адилет»

ОФ «Центр Медиа Развития»

Фонд расследовательской журналистики

ОО «Журналисты»

ОФ «Институт Медиа Полиси»

ОФ «Центр поддержки СМИ»

ОФ «МедиаКонсалт»

 

31.05.2021

Парламенттик комитет “Маалыматты бурмалоо” боюнча мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгара турган топту түздү

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети “Маалыматты бурмалоо” боюнча чыр чатактуу мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түздү, деп билдирет 24.kg.

Жыйын учурунда бул топко киргендердин ысымдары аталбады. Анын курамына адилет, экономика, санариптик өнүгүү министрликтеринин жана УКМКнын өкүлдөрү кире тургандары гана белгилүү.

Эскерте кетсек, мурда депутат Гүлшан Асылбаева интернеттеги контентке көзөмөл кылуучу атайын органды түзүү сунушун айткан. Анын айтымында, мыйзам долбоордун максаты – жарандардын, юридикалык тараптардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жана аларды интернетте таркатылып жаткан жалган маалыматтардан коргоо болуп саналат.

2020-жылдын 26-июнунда депутаттар мыйзам долбоорду кабыл алышкан. Бирок ошол эле жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков макул эместигин билдирип аталган мыйзамы долбоорду кайра парламентке кайтарган.

31-майда өлкөбуздүн медиа коомчулугу кайрылуу жасап, анда “Маалыматты бурмалоо” боюнча мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү пайдасыз экендигин жана учур талабына жооп бербестигин билдиришкен. Тармактык комитетке бул маселени кароону күн тартибинен алып салуу сунушу айтылган.

Комментарий

КР Жогорку Кеңеши «КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамында каралган мөөнөттү 8 айга ашыргандан сырткары, аталган мыйзам долбоордун кабыл алынуусуна жана ага КР Президентинин кол коюусуна жолтоо болгон нерсе – бул быйыл референдумда кабыл алынган КР Конституциясына ылайык, сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат (63-берене).

 

Коомдук маанидеги маалыматты берүүдөн негизсиз баш тартуу же аны берүүгө чектөө киргизүү

07.05.2021

КР Президентинин Баткендеги эл менен жолугушууларын фото жана видеого тартууга тыюу салынды

КР Президенти Садыр Жапаровдун 6-майдагы Баткенге иш сапары учурунда жергиликтүү эл менен жолугушууларын тартууга ЖМКларга мүмкүнчүлүк берилбеди. Ал эмес жергиликтүү тургундарга да телефонго сүрөт, видео тартуусуна тыю салынды.

Айрым журналисттер видеого тартууга уруксат берилбегенин туура деп белгилешет. Анткени мамлекет башчы аскердик техникалары бар жерлерде да жүрдү дешет. Бирок эл менен жолугушуу учурунда сүрөт тартканга да тыю салынганын, түшүнө албай тургандарын билдиришти.

Мамлекет башчынын иш сапарын чагылдырууга көп ЖМКлардын өкүлдөрү да катыштырылган эмес. “АКИпресс” маалымат агенттигинин Баткен областындагы кабарчысы Арзыгүл Галымбетова журналисттердин маанилүү иш чарага катыштырылбай калганына нааразы.

“Каргашалуу окуя бүткүл өлкөнүн көңүл чордонунда турганда өлкө башчысынын жолугушуусун жарыялоого уруксаттын жоктугу өкүндүрдү. Тескерисинче бардык маалымат каражаттары аркылуу Президенттин Баткенге келгенин чагылдыруу зарыл болчу”, – дейт А.Галымбетова.

КР Өкмөтүнүн Баткен облустундагы өкүлчүлүгүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова:

“Буга чейин Президенттин иш сапарынын алдында журналисттер аккредитациядан өтөт эле. Бул жолкусунда андай тапшырма болгон жок. Президенттин маалымат кызматы бул боюнча жеке иш алып барууда” – деди.

Белгилей кетсек, мурда да КР Президентинин Баткен облусунда иш сапарлары учурунда жергиликтүү журналисттердин ишердүүлүгүнө ар түрдүү чектөөлөр болчу.

28-30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы аскердик кагылышуу болуп, расмий маалыматтар боюнча, 36 кыргызстандык курман болуп, 189 адам ар түрдүү жаракат алган.

Комментарий

КР Президентинин басма сөз кызматы себебин түшүндүрбөстөн, кайсы бир нормативдик-укуктук актыга шилтеме кылбастан журналисттерге аудио жана видео жаздырууну жүргузүүгө тыюу салбашы керек. Бул, бери дегенде, кесипкөйлүктүн талаптарына жооп бербейт, ал эми эң башкысы – бул мыйзамсыз.

 

III. КОНФЛИКТТЕР. ЖУРНАЛИСТТЕРДИ, ЖМКларды ЖАНА ИНТЕРНЕТ-БАСЫЛМАЛАРДЫ АЙЫПТОО

Журналисттерге кылмыш кылды деп күнөө тагуу

10.05.2021

Журналист Канат Каниметовго майда бейбаштык боюнча кылмыш ишин ачышты

Журналист Канат Каниметовго карата Аламүдүн райондук ИИБ Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материал каттатты.

Бул тууралуу Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо боюнча комитетинин» кызматкерлери билдиришти. Алар буга чейин журналисттин жакында УКМКга сурак бергенине, ошондой эле, анын туугандарына карата асылууларга байланыштуу Канат Каниметовдон интервью алышкан.

Интервьюдан кийин «Журналисттерди коргоо боюнча комитети» Кыргызстандын укук коргоо органдарына сурам жөнөтүп, күтүүсүз жооп алган.

Америкалык корреспонденттердин сурамына жооп катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Ж.Джоробеков, «жаран К.Каниметовго карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материал катталганын» кабарлаган.

Аталган Кодекске ылайык, 119-берене – бул «майда бейбаштык, башкача айтканда, зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, буга тете эле мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолуучу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу атайылап жасалган аракеттер, – II категориядагы айып пул же болбосо эркиндикти II категориядагы чектөө түрүндөгү жазага алып келет (1 жылга чейин)».

Канат Каниметов өзү таң калганын жашырбайт. Ал ошол беренеге туура келе турган кандайдыр бир чекилик иш-аракеттерин дагы деле эстей алган жок.

«Мен акыркы жолу тогузунчу классымда мушташкам жана анда да утулуп калгам. Айран таң калып жатам! Эч нерсе түшүнүксүз. Иш качан козголгон? Эмне «күнөөм» үчүн? Арыз барбы?», – деп жазды журналист.

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери Ысык-Көлдө журналист Канат Каныбеков мурда жашаган үйгө келишкен жана кайда жүргөнүнө кызыгышкан. Ага чейин Абдил Сегизбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында журналист УКМКда суракка алынган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Комментарий

Материалдын “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталышынын негиздүүлүгүн, жетекчиликтин каттоо тууралуу буйругун, Каниметов К. тууралуу маалыматтардын чогултулушунун мыйзамдуулугун текшерип, журналистке байланыштуу оперативдик иш-чараларды жүргүзгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү зарыл.

 

21.05.2021

Журналист Канат Каниметов алгачкы тергөөчүнүн аракетине арызданды

24-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда журналист Канат Каниметов жана анын жактоочусунун Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБнын алгач тергөөчүсүнүн аракетине карата арызы каралат. Бул тууралуу «Медиа институту полиси» билдирди.

Алгач тергөөчү Facebook социалдык тармагынан жарыялаган пост үчүн Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 119-беренеси боюнча (майда бейбаштык) жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жарыялабоо жөнүндө тилкат алган.

Эске салсак, 2021-жылы 23-мартта журналист Канат Каниметовдун Facebook социалдык тармагына 2021-жылы 3-февралда блогер Юрия Барабинанын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүгө карата бийликти сындаган постуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ал жөнүндө ыкчам маалымат жыйноо чаралары көрүлгөн.

Айтсак КР ИИМ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүн рапортунда, Каниметовдун жогоруда аталган посту «өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына» алып келиши мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

2021-жылы 12-майда Каниметов өз жактоочусунун көзүнчө Аламүдүн районун ИИБ кызматкери Калыбеков Азамат тарабынан суралган. Суракта Каниметов өзү жарыялаган постто эч кандай мыйзам бузуу жок экенин көрсөткөн, о.э. эгерде кызмат адамдарынын кимдир бирөө жарыяланган маалымат ар-намысына жана беделине шек келтирет деп эсептесе, анда алар белгиленген жарандык тартипте укуктарын коргоо үчүн сотко кайрыла алышаарын айткан. Өз пикирин жарыялоо – бул анын конституциялык укугу экенин белгилеген.

Сурактан кийин алгач тергөөчү сотко чейин өндүрүштүн маалыматтарын жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну сураган, бирок мындай тил кат алуунун себебин түшүндүрө алган эмес. Өз кезегинде Каниметов тил катка: «Макул эмесмин, даттанам» – деп жазган.

Алгач тергөөчү жактоочудан кол коюуну талап кылган эмес. Азыркы учурда РИИБдин алгач тергөөчүсүнүн иш-аракетине даттануу боюнча сотко материалдар даярдалып жатат.

«Алгач тергөөчүнүн иш-аракеттери Канат Каниметовдун ой-пикирин эркин билдирүүгө карата конституциялык укуктарын бузат жана Facebook социалдык тармагынан жарыялаган пост үчүн Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 119-беренеси боюнча (майда бейбаштык) жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын жарыялоону чектөөгө багытталган. Ушуга байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнын алгач тергөөчүсүнүн иш-аракетине карата даттануу берилди», – деп Медиа полиси институтунан жазышты.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

 

25.05.2021

Сот алгач тергөөчүнүн аракетине даттанган журналист Канат Каниметовду колдоду

Сот «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовдун сурактан кийин тергөөнүн мазмунун жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну сураган Аламүдүн РИИБнын алгач тергөөчүсүнүн аракетине карата даттануусун канаттандырды. Бул иш боюнча Аламүдүн райондук сотунун жыйыны 24-майда болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө алгач тергөөчү Азамат Калыбеков, журналисттин посту президент жөнүндө болгон себептүү кырдаал аныкталганга чейин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча каттоо чечими кабыл алынганын билдирди. Эгерде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал начарлаган болсо, анда иш башка берене боюнча өзгөртүлүп каралышы мүмкүндүгүн да белгилеп өттү.

К.Каниметовдун постунда, беренеде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгонбу деген соттун суроосуна алгач тергөөчү так жооп айта алган жок, бирок ойлонууга убакыт сурады. Ошону менен бирге, тергөөнүн мазмунун жарыялабоо тууралуу тил кат ыкчам иш-аракеттердин бардык катышуучуларынан алына турганын билдирди.

Алгач тергөөчү жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну талап кылганын мойнуна алган жок, жөн гана документке кол коюуну сураганын билдирди. Ал иште эч кандай сыр жок болгонун тастыктады.

«Эч кандай жеке кызыкчылык жок. Сурак тергөө иш-аракети болгондуктан сурадым», – деди ал.

Сот жарыялабоо жөнүндө тил кат эмнеге алынганын негиздеп берүүнү сурады. Алгач тергөөчү бул иш «тергөө аракети… Эч кандай сыр жок» деген жоопторду айтты.

Сот менен алгач тергөөчүнүн сөзүн уккан прокурор Канат Каниметовдун алгач тергөөчүнүн иш-аракетинин мыйзамсыздыгы жөнүндө арызын колдоду жана бузууну жөнгө салууну өтүндү. Судьялар кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келгенден кийин Канат Каниметовдун даттануусу сот тарабынан канааттандырылды.

Эске салсак. 2021-жылдын 12-майында Канат Каниметов социалдык тармакка чыгарган посту боюнча күбө катары суралган. Суракта К.Каниметов өзүнүн пикирин эркин билдирүү жана сөз эркиндиги конституциялык укуктарына кирерин белгилеген.

Канат Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» Мыйзамынын 119-беренеси боюнча (“Майда бейбаштык”) сотко чейин өндүрүш жүргүзүлүп жатат, ал эми Маалыматты каттоо журналына каттоо үчүн негиз катары, журналисттин посту «өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалдын начарлашына алып келиши мүмкүн» деген жүйө көрсөтүлгөн.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБнын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Комментарий

КР ЖПКнын 191-беренесинин 13 бөлүгүнө ылайык, зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган өз көрсөтмөлөрүн жайылтпоо жөнүндө суракка алынгандан кол койдуруп алууга укуктуу. Белгилей кетүүчү жагдай, “зарыл болгондо” деп бул жерде жөндөн жөн айтылган эмес. Бул тергөөчү ишке байланыштуу адамдын укугун өзү каалагандай чектей албайт дегенди билдирет. Тергөөчү сотко чейинки өндүрүштөгү конкреттүү маалыматтарды жайылтуудан коргоо үчүн гана тийиштүү катка кол койдуруп алалат.

Бирок ошол эле кезде тергөөчу тил кат алууга далил келтире албады. Бир гана К.Каниметов суракка алынган маалымат эч жакка жайылтылбашы керектигин гана айтты. Башка себептер келтирилбеди.

КР Конституциясынын 33-беренесине ылайык, посттун жарыяланышы адамдын пикир билдирүү укугун чектөөгө себеп боло албайт. Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

КР Жазык-процесстик кодексинин 127 беренесине ылайык, алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун жана соттун аракети (аракетсиздиги) жана чечимдери, эгерде жүргүзүлүп жаткан процесстик аракеттер (аракетсиздиктер) же чечимдер жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле башка адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, ушул Кодексте белгиленген тартипте аталган адамдар тарабынан даттанылышы мүмкүн.

__________________________

Журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосунда жана «Медиа Полиси Институту» КФ менен өнөктөштүктө жүргүзүлүүдө

Окшош посттор