Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

2021-жыл: ЖМК эмнелерге көңүл бурушу керек?

2021-жыл: ЖМК эмнелерге көңүл бурушу керек?

Бир жылдан бери COVID-19 пандемиясы жалпы адамзаттын жашоосуна өз таасирин тийгизип, чоң өзгөрүүлөргө алып келди. Анын ичинде Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) да ыңгай, шарт-жагдайларды издеп, жаңы форматтарга өтүүдө. Өлкөбүздөгү болуп жаткан коомдук-саясий окуялар, шайлоолор, өзгөрүүлөр да ЖМКлардын өнүгүү багыттын аныктоого түрткү берүүдө.

Бул материалда «2021-жылы кыргыз жалпыга маалымдоо каражаттары эмнелерге көңүл бурушу керек?» деген суроонун алкагында бир катар ЖМК жетекчилеринин, медиа-эксперттердин пикирлерин топтодук.

 

Миржан Балыбаев, «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору:

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны көбөйдү, аны менен бирге журналисттердин саны да өстү. Учурда блогерлик журналистиканын четин талашкандай, кадимки бир ишке, өнөргө айланып калбадыбы. Санариптик берүүгө өткөндөн кийин ТВлардын саны эселеп көбөйүп кетти. Менимче, сандан сапатка өтүү керек. Анткени, курч маалыматты  беребиз деп, жарышып, атаандашып жатып, кээде маалыматтын сапатына карабай калышты. Сын-пикир айдыңында жалпы эле ЖМКга сөз тийгизген учурлар көбөйүп кетти. Көбүнчө бул адилеттүү айтылган сын.

Биринчи кезекте, сапатка көңүл бурулушу керек деп ойлойм.  Анткени, журналистика менен блогерликтин чек арасы кээде сезилбей калат. Расмий ЖМКга караганда айрым блогерлерге көбүрөөк ишенип калышат. Маалыматтын тактыгына, сапатына, журналисттердин кесиптик чеберчилигине көңүл бурулушу керек. Балким бирөөлөр аны цензура катары түшүнүшү мүмкүн. Бирок, журналисттерге айтылган сындын бир тобунун себеби – чын эле журналисттердин кесиптик чеберчилигинин, кесиптик билиминин жетишсиздигинин, этиканы карманбагандыгынын кесепети болуп калат. Аны моюнга алыш керек.

ТВнын өзүнчө тармактык көйгөйү бар. Биз аны соңку 2-3 жылдан бери айтып келе жатабыз. Тилекке каршы ойдогудай чечилбей келатат. Бир топ телеканалдар тарабынан «Телекөрсөтүү жөнүндөгү» мыйзам, мамлекеттик тил жөнүндөгү талап аткарылбай жатат. Санарипке өткөнгө чейин, 2017-жылдын июнь айына чейин, республикага чыккан 15тей эле телеканал болсо, азыр 50дөн ашып кетти. Алардын бир тобу эфирге чыккан продукциянын 50%ы мамлекеттик тилде, кыргыз тилинде болушу керек, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан болушу керек деген талаптарды аткарбай келет. Анын айынан пираттык телеберүүлөр, кинолор көп көрсөтүлүүдө. Ал эми тарыхы бар ири каналдар өздөрү продукция чыгарат, чыгым тартат. Баягы 15 канал бөлүп жеп жаткан «токочту» – рекламаны азыр 50-60 телеканал бөлүп жеп жатат. Жөн эле пираттык кино көрсөтүп, рекламанын баасын эселеп түшүрүп жиберишти. Анткени алардын чыгымдары жок. Теле тармагына гана тиешелүү болгон маселелер көпчүлүккө түшүнүктүү эместир. Бирок, ушул жагдайлар да телеканалдардын абалына кесепетин тийгизүүдө.

Журналисттик этика, нормалар бузулган учурлар абдан көбөйүп кетти. Ошондуктан өзүбүздү өзүбүз жөнгө салышыбыз керек го. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, баарыбызга сөз тийип жатат. ЖМКнын сапатын көтөрүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын изилдеп көрүп, өзүн-өзү жөнгө сала турган, мамлекет кийлигишпеген, журналисттик коомчулуктан, кадыр-барктуу, абройлуу редакциялардан болобу, кандайдыр бир орган түзүлсө. «ЖМКга даттанууларды кабыл алуу жана кароо комиссиясы» бар го, ошол сыяктуу. Ал кандай иштеп жатат, кандай аракеттер көрүлүп, натыйжалуу иштеп жатабы, айта албайм. Кемчилик болсо, аларда эмес, журналисттик коомчулукта болушу керек.

Эгер журналисттик этиканы, журналистиканын сапатын жакшыртпасак, бул маселени чечпесек, цензура киргизүүгө кызыкдар, ЖМКны көзөмөлгө алууну каалаган күчтөргө бул жакшы шылтоо болчудай. Аягы ушуга алып келиши мүмкүн.

«Биздин маалымат элге жагат, эл ушуга кызыгат» деп эле, элдин табити түшүп кетти. Эгерде медиасабаттуулукту жогорулатсак, медиакеректөөчүлөр өздөрү эле ылгап алышат го дейм. Сапатсыз ЖМКлар өздөрү эле иргелип калат. Бирок, бул узак процесс.

 

Дилбар Алимова, «ПолитКлиника Медиасынын» негиздөөчүсү жана башкы редактору:

Биздин редакция эл аралык уюмдар уюштурган тренингдерге катышып, дүйнөлүк тренддерди өздөштүрүү менен иштеп жатабыз. Өткөн жылы коронавирус пандемиясы учурунда маалыматтарды текшерүү менен иштеп, редакциябызда фактчек бөлүмү ачылды. Пандемия шартында онлайн, аралыктан иштеп калбадыкпы. Ошол шартта дата-журналистика бөлүмүн ачтык. 2-3 журналистибиз кайрадан тренингден өтүп, дата-окуяларды жасаганды үйрөнүштү. Иликтөө менен иштеген журналисттер өзүнчө бөлүм болду. Бул жылы фактчек, дата-журналистика, иликтөө өнүгөт деп ойлойм. Подкасттар да трендде болот. Аны да үйрөнөлү деген максатыбыз бар. Башка маалымат каражаттары да ошол багыттарда өнүксө туура болот деп эсептейм.

Кыргыз тилдүү гезиттер, массалык маалымат каражаттары өздөрүнүн сайттарына жакшы көңүл бурушпайт. Мен өз тажрыйбабыздан кеңеш берет элем: алар да сайттарын жандандырууга көбүрөөк аракет кылышса. Мурда биздин басылмабыз кагаз түрүндө болуп, 2018-жылдан баштап толугу менен онлайн форматка өткөнбүз. Дүйнөлүк тенденция көрсөткөндөй, интерактив чыкканы алда канча жакшы экен. Айрымдар: «Эгер басылманы сайтка өткөрсө, анда гезитти эч ким окубай коет», – деп айтышат.  Гезитти сатып алгандар азайышы мүмкүн, анткен менен гезиттердин тиражы деле көп эмес. Мисалы, сайттагы бир материал эле ошончо жолу окулушу мүмкүн. Интернет аркылуу кеңири тарап, көп адам окуйт. Реклама аркылуу киреше табуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Биздин басылма эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштеп, бөлүмдөрдү ачып, каржыланып жатабыз. Жарнамалар бар, бирок азыраак үлүштө. Донорлордон дайым эле грант күтүп отурбай, өзүн-өзү каржылоого жеткенге аракет кылып жатабыз. Ютуб-каналыбызды ачып, монетизациядан каржы тапсак болот. О.э. кайсы бир бизнес-структуранын кызматын, же товарын кызыктуу текст аркылуу жарнама даярдап, киреше кылсак дейбиз. Алдыңкы жылдары күчтүү журналисттик иликтөөлөрдү жасап, краудфандингди колдонуу ниетибиз бар. Жакшы иликтөөлөрдөн кийин окурмандар өздөрүнүн каалоосу менен бизди колдоп, каражат бере турган деңгээлге жетсек деген пландарыбыз бар.

Кыргыз тилдүү маалымат каражаттарын алсак, көпчүлүгү жаңы технологияларды өздөштүрө элек. Айрымдарына маалыматтын жетпегени себеп болушу мүмкүн. Кээде маалымат жетсе деле, окутууга кантип катышуунун жолун билбей, же оңой жолун эле тандап, кээ бир редакциялардын демөөрчүлөрү бар, алардын даяр оокаты болуп, башка багытта өнүккөнгө аракет кылбашы мүмкүн.

Мен мурда тренингдер жалаң орус тилинде болуп жатканы үчүн катышпай жатышат деп ойлочумун. Кыргыз тилинде өтүп баштаганда, «биз басып өткөн жолдорду алар да басып өтсө» деп, биринчи түрткү боло турган тренингдерге катышкыла деп  маалыматты көп бөлүштүм. Кызыгуу деле болгон жок. Демек, кеп өзүбүздө экен.

ЖМКлардан «Азаттык», «Клооп» сыяктуу редакциялар жаңы технологияларды өздөштүрүүдө. Мен билгенден «Клооп», «Кактус» редакцияларында программист адистери бар. Биз дата-журналистика бөлүмдү ачканда, абдан чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу керек экен, биздин журналисттер ошондо колго жасап чыгып жаттык. Программистке болгон муктаждыкты ошондо түшүндүк. Биз ар бир сайттан маалыматтарды көчүрүп, аны Exel программасына түшүрүп, иштеп чыкканча программалоонун тилин билген журналисттер код жазып, керектүү маалыматты жеңил эле алып коюшат экен. Азыр журналисттерге программалоону бекер үйрөтө турган курстар бар. Биздин журналисттер да ошол курстардан үйрөнүп жатышат. Азырынча жыйынтыктарын көрө элекпиз.

 

Алмаз Исманов, «Prevention Media» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана редактору:

Эң биринчи, редакциялар, айрыкча медиалардын ээлери, журналисттерге социалдык жактан колдоо көрсөтүүсү керек. Былтыр пандемия учурунда көпчүлүк ЖМК кызматкерлери жумушсуз калышты, же иши формалдуу болсо деле «иш жок» деп, акча жагынан кысып коюшту. Медиа боюнча айтканда, биз сөз эркиндиги жөнүндө кеп кылабыз, бирок, социалдык абалы эске алынбай калат. Медиа кызматкерлери да татыктуу жашашы керек. Менин оюмча, медиа ээлери тарабынан социалдык колдоо болушу керек.

Ошондой эле ЖМКлар жаңы форматтарга өтүп, IT технологияларга басым жасашы керек. Себеби, биз аны жакшы өздөштүрбөсөк, социалдык медианы колдонуучулар баарын ээлеп, журналисттер жумушсуз да калат.

Азыр кызыктай болуп жатат, көп медиаларда социалдык медиадагы сөздөр, же ушак-айыңдар жөнүндөгү рубрика ачып алышкан. Бул – абсурд. Биз башка бирөөнүн жаңылыгын кайра айтып берип жатабыз. Аны эбак адамдар окуп койгон. Тескерисинче, журналисттер алдыда жүрүшү керек.

Кыргыз тилдүү журналистиканын сапатын жогорулатуу керек. Айрыкча онлайн мейкиндикте. Себеби онлайн мейкиндикте кыргыз тилдеги медиа-ресурстар абдан аз, сапаты абдан начар болуп жатат. Сапатын жакшыртуу керек.

Аймактагы журналистикага да абдан көңүл буруу зарыл. Акыркы 5-6 жылдын ичинде аймактагы ЖМКлар дээрлик унутулуп деле калды.  Менин оюмча, эң негизги басым – аймактык журналистиканы өнүктүрүү. Мамлекеттикпи, же жеке менчикпи, менчик формасына карабастан аймактык ЖМКлардын потенциалын көтөрүү керек. Эгер ушундай абалда боло берсе, журналистика борбордо, Бишкекте эле калып, аймакта жок болуп кетет.

 

Кайыргүл Урумканова, «Говори ТВ» маалыматтык порталынын башкы директору:

ЖМКлар үчүн бул жылы да оор болот. Анткени ЖМКлардын каражат маселеси такыр чечилген жок. Өткөн жылы COVID-19 пандемиясы убагында көрүүчүлөрдүн саны абдан көп болгону менен акча каражаты көбөйгөн жок, тескерисинче, азайды. Анткени бардык эле реклама берүүчүлөр, уюмдар бюджетин кыскартты. Өзгөчө пиар жагынан бюджетин кыскартты. Бул жылы да ошондой көрүнүш кайталанат. Мына, азыр февраль айы, реклама Кыргызстанда азайып баратат. Реклама берүүчүлөр социалдык тармактарга өздөрү жарыялап, ЖМК аянтчаларын колдонбой жатышат. Реклама жагынан бизде тартыштык болуп калат. Бул ар бир ЖМКнын бюджетине да таасир этет. Бул болсо, ЖМКлардын өнүгүшүнө чоң көйгөй жаратышы мүмкүн. Ар бир ЖМК жаңы форматка өтүшү үчүн, жаңы долбоорлорду жасашы үчүн бюджети болушу керек.

Өнүгүүгө бул жылы шарт азыраак. Шайлоо убагында эле ЖМКлар акча таба албаса, анткен менен, өткөн шайлоолор деле чоң каражат алып келген жок. Анткени талапкерлердин бюджеттеринин баары кыскартылып калды. 1-2 эле талапкерде бюджет болбосо, калгандары пиар жагынан иштешкен жок.

ЖМКлардын өнүгүшүнө да шарт түзүлүшү керек. Пандемиядан сырткары өлкөдөгү саясий абал да ЖМКлардын өнүгүшүнө чоң таасир этет. Туруксуздук бардык тармактарга тиешелүү болот.

Сапатты караш керек. Бир гана көзкарандысыз ЖМКлар өнүгүп жатат. Атаандаштык өнүгүүгө шарт түзөт. ЖМКлар акча жок болсо да жаңы форматтарды колдонууга өздөрү шарттарды түзүп жатышат. Муну аргасыздык деп койсо да болот. Эгер жаңы форматтарга өтпөсө, жаңы долбоорлорду чыгарбаса, көрүүлөр да азаят, анда ЖМКлардын бары-жогу да көрүнбөй калат.

Кыргызстандагы ЖМКларга өкмөттөн такыр жардам жок. Тескерисинче, ар бир бийлик көзкарандысыз ЖМКлардын оозун жапканга, бизге окшогон ЖМКларды жок кылууга аракет кылат. Анткени чындык кайсы бир тараптар үчүн кереги жок. Чындыкты жазган үчүн бизди жаман көрүп калышкан. Ар бир бийлик келип эле ар кандай мыйзамдарды чыгарып, өнүгүүгө шарт түзүү эмес, бут тосуп жатышат.

 

Алмазбек Курманкалиев, «ЖМКны колдоо фонду» борборунун директору:

Отуз жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекет эч кандай жардам берген жок. Мисалы, салыктардан жеңилдик берүү же бошотуу, окутуу-тренингдерди уюштуруу ж.б.у.с. Окутууларды, жардамдарды эл аралык донорлор, мисалы «Интерньюс», «Сорос» фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар берип жатат. Эгер мамлекет көңүл бурбаса, журналисттердин иштөө шарттарын жакшыртпаса, сапаттуу материал чыкпайт да. Журналисттердин кесипкөйлүгүн арттыруу керек. Тажрыйбасы жакшы, журналистиканын эл аралык стандарттарын билсе, сапаттуу материалдар даярдалат, ал өз окурмандарын сөзсүз табат.

Азыр жаңы медиа пайда болуп жатат. Өзгөчө ошого да көңүл буруу керек. Азыркы учурда дезинформация, фейк-маалыматтар көп. Ватсап же башка мессенжерлерден тастыкталбаган маалыматтарды таратып жатышат. Бул эпидемия сыяктуу эле тароодо. Ошону токтотуу керек.

Биздин фонд «Медиасабаттуулук» деген долбоорду жүргүзүп жатат. Мектептерге медиасабаттуулук боюнча сабактарды киргизүү керек. Эгер мамлекет ошого көңүл бурса, медиабилимдүү окурмандарыбыз фактыга негизделген, такталган булактарга ишенишет. Медиабилимдүү коомду даярдасак, коом сапаттуу маалыматты талап кылса, ошондо медиа өнүгөт. Калпты жазган сайттар же ютуб-каналдар иштебей калышат. Эл аны окубаса, ал эмнеге керек болот?

Медиасабаттуулук жана фактчек инструменттерин окутуу керек. Окурманды өзү тактаганга үйрөтүү керек. Өнүккөн өлкөлөр ошол жол менен баратышат. Журналисттер да медиасабаттуулук жана фактчек боюнча билимин жогорулатышы керек. Ошондо өздөрү да катачылык кетиришпейт.

17 жылдан бери гезиттерди басып чыгарып жатабыз. Алгачкылардан болуп жаңы технологияларды алып келип, санариптик ыкмада, түстүү басылманы ишке салганбыз. Биздин ийгилигибиз – жакшы менеджментти ишке киргизип, инновацияларды алып келдик. Кыргызстанга инновациялар жетишпей жатат. Эски системаны бузбай эле, инновацияларды туура пайдаланып, кандайдыр бир комбинацияларды колдонуу керек. Жабдуу болобу, же уюштуруу иштери болобу, баары эволюциялык жол менен барышы керек. Инновациялар ар тараптан болушу керек: окуу жагынан, жабдуу жагынан ж.б.

Радиобу, телеберүүбү, гезит болобу, мамлекет ар бир окурманга маалымат алууга шарттарды түзүп бериши керек. Мисалы, гезиттер оор шарттарда иштеп жатышат. Мамлекет  почта тармагын жакшыртып, аймактарга өз убагында жеткиликтүү кылышы керек. Аймактарда интернет баарына эле жеткиликтүү эмес, кымбат дагы. Коомдук маанилүү маселелерди жазган, көйгөйлөрдү көтөргөн жакшы гезиттер бар. Гезит бир ай мурда чыкса деле окула берет.

Азыркы заманда ар бир адис 3-4 кесипке шыктуу болушу керек. Фото тартып, дизайн жасап, верстка кылууну бирдей өздөштүрүп дегендей.

«Кыргызстанда 3 жолу революция болду, бул өлкө бутуна тура элек мамлекет» деп чет жактагылар айтып жатышат. Канча жолу бийлик алмашса да, бул элдин талабы болуп жатпайбы. Экономикалык абал жакшырмайынча, маалымат каражаттары бутуна турбайт. Мисалы, ЖМКны салыктан бошотсо, же жеңилдик кылып берсе, бул деле жакшы шарт болмок.

Сурамжылаган Гүлзат Газиева

Окшош посттор