Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Массалык нааразылык акцияларын чагылдыруу – журналистерге көмөкчү ресурстар

Массалык нааразылык акцияларын чагылдыруу – журналистерге көмөкчү ресурстар
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

1. Биринчи жана эң башкы маанилүү нерсе: бул жеке коопсуздук. Бул темага карата тажрыйбалуу журналисттер жазган көптөгөн сунуштамалар бар, аларды көбү өздөрү жана өз командасы үчүн окшош эрежелерди иштеп чыгышкан.

  • Мисалы «Чыр-чатак очогунда репортаж жүргүзүүдө сактануу үчүн 27 кеңеш» – деп аталган Жаңылыктардын коопсуздугу эл аралык институтунун материалынын котормосу бар.
  • Журналисттерди коргоо комитети түзгөн Журналисттер үчүн коопсуздук боюнча колдонмодо нааразылык акциялары менен массалык баш аламандыктарды чагылдыруу боюнча жана стресс реакцияларына арналган өзүнчө бөлүм бар.
  • Белгилүү медиа юрист Галина Арапованын редакциясындагы «Журналисттердин экстремалдык кырдаалдарды чагылдыруусу» деп аталган колдонмосу – ал жетектеген ЖМК укугун коргоо борбору 2012-жылы чыгарган материал. Аны ушул жерден көчүрүп алууга болот (анын ичинде, 41-б. карагыла – фотограф Юрий Романовдун китеби боюнча, согуштук чыр-чатак болгон жерде жүргөн журналисттерге сунуштама, 113-б. карагыла – «Митингдерди чагылдырууда сүрмө топтун арасында жүрүү боюнча сунуштама» бөлүмү, анда топтошкон адамдардын мүнөздөмөсү жана топ арасында жүрүүнүн эрежеси баяндалган, ошондой эле, митингдер менен демонстарцияларды чагылдырган журналисттер үчүн сунуштамалар берилген).
  • РИА «Новости» 2011-жылы иштеп чыгарган инфографика «Массалык акциялар убагында иштеген журналисттер үчүн нускамасы» бар.

Силерден өтүнүч, «талаага» чыгуудан мурда өзүңүздөрдүн команда менен ушул эрежелерди кайра иштеп чыккыла жана талкуулагыла. Эгерде силер өзүңөрдүн жеке коопсуздугуңарды камсыздоо үчүн чараларды көргөн болсоңор, бул силерге психологиялык жактан дагы колдоо көрсөтөт.

2. Силер адамдардан сөзсүз интервью аласыңар (эске сала кетсек, алгач түздөн-түз коркунуч жараткан аймактан кетүү зарыл, андан соң психологиялык сактык чараларын көрүү керек). Силердин маектештер ар кандай деңгээлдеги эмоцияны башынан өткөрүшү мүмкүн. Тилектештик көрсөткүлө, ошону менен бирге токтоо бойдон калгыла же токтоолукту көрсөтө билгиле. Эгерде киши кайсыл бир окуядан кийин жаракат алып (ок атуулар же башка өмүргө коркунуч келтирген окуялар), дендароо абалда калган болсо, анда ага жакын барып сүйлөшүп, «Сизге жардам бере аламбы, атыңыз ким?» деген сыяктуу суроолорду акырын берип, жардам кылууга аракет жасоого болот. Акырын далысын таптап, колдон алып, кылдат кучактаганга болот. Атайын «жашытканга» аракет кылбагыла, аны менен бирге көз жашын чыгарган кишиден коркпогула: адам ыйлап жатса демек дендароо абалда турганга караганда жакшыраак. Эгерде ошондой абалдагы адамдарга тилектештик көрсөтүп, кылдаттык менен окуясын айтып берүүгө чын дилиңерден умтулсаңар, алар уга турган киши тапканын ыраазы болушу мүмкүн.

3. Экстремалдык кырдаалдарда биздин мээ адамды сактап калыш үчүн ыкчам аракет кылат, ошондуктан кабыл алуу, эс-тутум, ой жүгүртүү өзгөчө абалда иштей турганын эстегиле. Адам «өз көзүм менен көрдүм» дегендин бардыгы анык факты боло бербейт, мындай маалыматка кылдат мамиле кылгыла, албетте ошондой болсо дагы маектешке ишенбестик көрсөтпөгүлө.

4. Маектеш менен байланыш даректерин алмашкыла, өзүңөрдүн журналисттик милдетиңерди так түшүндүргүлө. Болуп өткөн окуяга карата сөзсүз түрдө кандайдыр бир түшүндүрмө чыгарып, сооротуп же дароо адам жеңилдей түшө турган «акылдуу сөздөрдү» айтууга аракет кылбагыла. Андан көрө активдүү угуучу болгула – айтылган сөздөрдү кайталап тактагыла жана маектешти туура түшүнгөнүңөрдү жыйынтыктап сурагыла (бул силерге, биринчиден, бардык фактыларды жана үзүндүлөрдү туура жазганыңарды текшергенге жардам берет, экинчиден эмпатия көрсөтүүгө жана ишенимдүү байланыш түзүүгө көмөктөшөт). Жаныңарда кагаз кол аарчы (мисалы көз жашын аарчуу үчүн), суу ж.б. даяр алып жүргөн жакшы, маектешке суу сунуштоого болот.

5. Өзүңөрдүн жеке сезимиңер тууралуу дагы ойлонгула. Журналисттер дагы тирүү адамдар, анын үстүнө маектешүүдө жана репортаждарда өзүңөргө башка адамдардын кайгы-капасын угасыңар. Унутпагыла, курч стресстик реакция – бул адаттан тышкаркы кырдаалдарга карата кадимки реакция. Силер жөн гана окуя менен аудитория ортосундагы «өткөргүч каражат» эмессиңер, силер өзүңөр дагы ар түрдүү сезимдерди: коркуу, үрөй учуу, алсыздык, жардамга муктаждык, үмүтсүздүк, айласыздык, санаркоо, үмүттөнүү жана атүгүл эч нерсе сезбеген «селейүүнү» башыңардан өткөрүшүңөр мүмкүн. Силер эмне окуяга күбө болсоңар дагы – бул кадимки көрүнүш, өзүңөрдү эч нерсени тооптогон супермен катары көрсөтүүнүн кереги жок. Стресстик кырдаалдарда биз ыкчам аракет кылабыз, бирок эмоция кийин жай кырдаалда, жалгыз турганда «артыңардан кууп жеткен» учурлар дагы көп кезигет. Өзүңөр көргөн окуя тууралуу сүйлөшө турган кишини тапкыла, башыңардан өткөргөндөрдү унутууга өзүңөргө убакыт бергиле.

6. Алкоголь ичүү жана тамеки чегүү сыяктуу жолдорго баруудан качкыла. Бул стресс менен күрөшүү боюнча «журналисттик легитимдүү» ыкмалардын бири, мындан тышкары, ал көп учурда кесиптештер же интервью берүүчүлөр менен байланыш түзүүгө, кылдаалды жумшартууга, «көңүл жибитүүгө» жардам берет. Бул көбүнчө алдамчы сезимдерди гана тартуулайт, ошол эле учурда көңүлдү алаксытуунун жана байланыш түзүүнүн организмди бузбай турган башка түрлөрү дагы бар. Стресске кабылгандан кийин өзүңөрдүн ресурсту толуктап, кубаныч жана канааттануу тартуулай турган жолдорду – пикирлештер менен баарлашуу, үй-бүлө жана достор менен убакыт өткөрүү, үй жандыктары менен ойноо, хоббиге кайрылуу сыяктуу ыкмаларды табуу керек. Мүмкүн болушунча жакшы тамактанып, эс алууга убакыт бөлгүлө. Эс алуунун жөнөкөй, бирок таасирдүү жолдорун тандагыла. Стресс көп күч-кубатты жана нервди алат, андыктан өзүңөрдү ичтен жебегиле.

7. Өзүңөргө кам көргүлө. Журналисттин психологиялык саламаттыгы – кесипкөйлүктүн бир бөлүгү. Силердин инсандыгыңар, силердин толгонуулар – булар дагы силердин ишкер аспап. Эмоцияны иш үстүндө чыгаргыла. Айласыз жерде аракет кылуу, баш аламан кырдаалдан өз ара байланыштагы окуяны түзүү, биз үмүтсүздүк сезген жерде тартиптүүлүк сезимин кайтаруу, үнү жетпегендердин үнүн угузуу – бул кесиптин негизги артыкчылыктарынын бири ушунда.

8. Ишке аша турган максаттарды койгула жана реалдуу пландарды түзгүлө. Биз өзгөртө албаган жагдайлар бар, бирок биз кичинекей кадам болсок дагы өзгөртө ала турган кырдаалдарга көңүл бурушубуз керек. Жагымдуу көз ирмемдерди белгилеп койгула жана «топтогула», өзүңөрдү оор учурларда колдой турган кандайдыр бир «якорь» жасагыла – булким бул ыраазычылык пикир, сүйүктүү үзүндү, балдар сүрөтү, достун каалоосу, жылмаюу чакырган фотография болушу мүмкүн.

9. Башкаларга жардам берүү – эң мыкты колдоочу ресурс. Эгерде өзүңөргө жардам керек болсо – анда эч тартынбай сурагыла.

 

Baj.by, макаланын түп нускасы бул жерде

Окшош посттор