Журналисты
Кызыктуу жана пайдалуу

Сүрөттөн анын фонун кантип жеңил алып салса болот

Сүрөт менен иштеген учурда кээде анын фонун алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Мындайда биз Фотошоп менен иштей баштайбыз. Бирок бул программа менен иштеш үчүн кайсы бир деңгээлдеги билим жана даярдык керек. Бардыгында эле алар боло бербейт. Мындайда эмне кылыш керек? Көп учурда биз фотошоп менен иштей алган жакындарыбызды издей баштайбыз.

Караса, убара болбой эле каалаган сурөттүн фонун өзүбүз эле алып салалат экенбиз да. Болгону алына турган жерди бир түс (кызыл), алынбай турган жерди башка түс (жашыл) менен гана белгилеп коюп, программаны иштетишибиз керек. Мындай мүмкүнчүлүктүhttp://clippingmagic.com/ сайты берет.

Жогорудагы сүрөттө аны кантип жасаса боло тургандыгына мисал келтирилген. Мен мисалга фонун тазалоого татаал сүрөттү алдым. Ага карабай жыйынтыгы жакшы экенин өзүңөр көрүп турасыңар.

Ошондой болсо да айрым учурда Фотошоп менен иштеген туурараак болот. Эмки сабактардын биринде фотошоптун жардамы менен фонду кантип алып салса боло тургандыгын айтып берем.

Окшош посттор

Нурбек Сыдыков: Журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук

admin
29.03.2021

«Жайбаракат журналистика» кимге кызыктуу?

admin
14.11.2020

Венера Сагындык кызы: Жаңы муунга, менде ишенич, үмүт абдан чоң

admin
12.04.2021