Журналисты
Интересное из блогов

Акыркы коңгуроо күнү ресторанда банкет өткөрүүгө тыюу салынды

Жакында окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» кагылат. Быйылкы окуу жылынын аякташына байланыштуу жакында  Ош шаарындагы  54 мектептин директорлору жана ата-энелер комиттеттеринин ѳкүлдѳрү, укук коргоо органдарынын  ѳкүлдѳрү   катышкан жыйын болуп, ал жыйында  25-май, акыркы коңгуроону ѳткѳрүүнүн тартиби талкууланды. Быйылкы окуу жылында шаардын мектептерин 2 миңден ашык бүтүрүүчүлѳр аякташууда.

 Ош шаардык билим берүү  башкармасынын жетекчиси Гүлайым Машрапованын билдирүүсүнѳ караганда быйыл «Акыркы коңгуроодон»  кийин бүтүрүүчүлѳргѳ кафе, ресторандарга  отурууга руксат берилбейт  жана банкет  үчүн  ата-энелерден  акча чогултууга тыюу салынат. Бул боюнча Ош шаардык билим берүү  башкармалыгында буйрук чыгарылганын жана ал буйруктун аткарылышы ѳтѳ дыкат кѳзѳмѳлгѳ алына тургандыгын да белгиледи.

Машрапова ошондой эле ата-энелерди балдарына майрамдоо үчүн жана  автомашиналардын кортеджи үчүн  акча бербѳѳлѳрүн  да суранды. Буга чейин мындай учурларда трагедия болгондугуна токтолуп, бул күнү ар бир мектепти Ош шаарынын жана Ош облусунун ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгы да белгиленди.

Диана Бекибаева,
“Данек” 

Окшош посттор

Артыкчылык аттестатына талапкерлер сындан өтөт

admin
24.04.2013

Кыргыз Уикипедиясы жөнүндө кыскача маалымат

admin
19.02.2013

Программа “Көлдү жээктей”. Село Боконбаева

admin
19.02.2013